Ош-Бишкек жолунда сел жүрүп, унаалар өтө албай калышты
Ош-Бишкек жолунун Таш-Көмүр шаарына караштуу Рязан-Сай аймагында сел жүрүп, жол тосулган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов билдирди. Айтымында, жолго кум, шагыл төгүлүп, жеңил унаалар өтө албай турушат. “Болжол менен саат 17:00дө Ош-Бишкек жолунун 433-чакырымдан 435-чакырымга чейинки аймакта сел жүргөн. Учурда тиешелүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүрүүдө. 15-20 мүнөттүн ичинде жол ачылат”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















nazira1989, жеке айтышууларга жол берилбейт.
Барыңарга эскертүү!