2017-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан бюджетке 15 миллиард 6 миллион сом түштү
2017-жылы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан өлкөнүн республикалык бюджетине иш жүзүндө 15 миллиард 6 миллион сом суммасында акча каражаттары келип түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруунун эсебинен 3 миллиард 980 миллион сом, ал эми мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруунун эсебинен 11 миллиард 673 миллион сом түшкөн.
Өкмөттүн мамлекеттик баалуу кагаздарынын түрлөрү:
Мамлекеттик казына векселдери;
Мамлекеттик казына облигациялары;
Казына милдеттенмелери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















