Бишкекте суукка тоңуп каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды
Бишкекте эркек киши суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 29-январь күнү саат 22:00 чамаларында Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү түтүктөн азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.
Ал болжолдуу түрдө 30-40 жаштарда болгон. Министрликтин куткаруучулары анын жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактоо иштерин жүргүзүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Аллах озун сакта элимди.