Бишкек Травматология жана ортопедия борборунда омурткага жана муундарга операция жасаганга ылайыкталган жаңы залдар ачылды
Бишкек Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда омуртка хирургиясы жана муундарга операция жасаганга ылайыкталган залдар ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, жаңы курулган операциялык эки зал бүгүн, 30-январда ачылды. Биринчи залда омурткаларга операция жасалат, ал эми экинчи зал чоң муундарга (жамбаш, тизе, ийин, чыканак) операция жасаганга ылайыкташкан.
"Кабыл алуу бөлүмү менен операциялык 2 залды салууга Бишкек шаардык мэриясы көмөк көрсөткөн. Керектүү заманбап жабдууларды Саламаттыкты сактоо министрлиги камсыздап берди. Ал эми залда биринчи операцияны профессор Сабырбек Жумабеков жасады", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Nevestkaa
30.01.2018. 22:50
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах ыраазы болсун сизден Сабырбек Артистбекович!Канча адамдын сообуна калдыңыз өмүрүңүз узун ,ден соолугуңуз чың болсун ишиңизге ийгилик.Артыңызга өзүңүздөй шакирттерди тарбиялап кетиңиз,сиздей колу жеңил иш билги кадрлар көп болсун.
NeRiNa
31.01.2018. 08:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сабырбек Жумабеков менен кантип байланышсак болот?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















