Транспорт министри: "Балыкчы-Корумду жолун бүтүрүүгө 4 миллиард 5 миллион сом керектелет"
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 2018-жылы Балыкчы-Корумду жолун оңдогонго 2 миллиард сом бөлүп берүү керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билдирди.
“Балыкчы-Корумду жолун оңдоп-түзөөгө жыл сайын 1 миллиард сомдон бөлүнүп бериле турган болсо, курулуш 4-5 жылга чейин созулат. Тамчыдан Балыкчыга чейин жол оңдолду. Эми Чолпон-Атанын ички бөлүгү калды. 20-февралга чейин күн жылыса ишти баштайбыз. Быйылкы жылга 1 миллиард сом каралыптыр, бирок биз 2 миллиард сом сурап жатабыз. 2 миллиард сом дагы жетишсиз. Балыкчы-Корумду жолун оңдоп аягына чыгаруу үчүн 4 миллиард 5 миллион сом керектелет”, - деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
-1
-1

Супер-Инфо
super.kg видео

















Таза иштешсе тоз эле онуккон олколордун катарына кошулмакпыз
Урматтуу редакция, мумкун болсо курулуп жаткан Балыкчы Корумду жолунун узундугу канча, канча км курулуп бутту жана ага канча акча коротулду баш-аягы, курулуп буто элек болугу канча км, министр сурап жаткан 4 миллиард сомго канча км жол курулат, билип берсенер?!!
Менимче Окмот 5-10 жол курууга жетчу акчага бир эптемей жол куруп жаткан ондонот, 2-3 жылдык...