super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

10 жыл мурун үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан кызды милиция КМШ мамлекеттеринин аймагынан издей баштады

 

1990-жылы туулган Жамиля Нияз кызы Бишкектеги 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринен 2007-жылдын июль айында чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Октябрь РИИБинин издөө бөлүмүнөн SUPER.KG'ге кабарлашкандай, жакындары кызды издөө үчүн милицияга 2017-жылы кайрылышкан. Учурда Жамиля Кыргыз мамлекетинин жана КМШга мүчө мамлекеттердин аймагынан изделип жатат.

"Ал кыз Зиягүл Калмурзаева аттуу таежесинин баласын карап Бишкекте жашап жүргөн экен. Зиягүл Калмурзаева жолдошу менен бул жакта банкта күрөөдө турган үйүнүн төлөмдөрүн төлөө үчүн Орусияда иштеп акчаны Жамиляга салып турушкан. Бирок акчанын банкка төлөнбөй жатканын билгенден кийин жолдошу Бишкекке келип, кыздан эмнеге төлөбөй жүргөнүн сураган учурда кыз "азыр келем" деп сыртка чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. 2008-2009-жылдары кызды Сокулук районунун аймагынан көргөндөр болгон экен. Бизге жакындары ал үйдөн чыгып кеткенден 10 жылдан кийин кайрылышты. Бирок табылбай жатат. Учурда КМШга мүчө мамлекеттердин аймагынан да издөө аракеттери жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти РИИБден.

Маалым болгондой, кыздын 1933-жылы туулган атасы Нияз Сулайманов учурда Кара-Суу районундагы Кара-Сөгөт айылында уулу менен бирге жашайт. Кыздын кайда жүргөнү боюнча алардын маалыматы жок болууда. Ал эми 1958-жылы туулган апасы 2002-жылы каза болуп калганы маалым болду.

Өзгөчө белгилери: оң көзү тубаса кылый. Ал эми бою жана салмагы белгисиз.

Көргөн билгендер болсо, Октябрь РИИБинин 0550 10 22 38, 0554 10 02 47, 0554 10 21 48, 0773 05 35 38, 0705 99 99 53 номурларына байланышып кабарлап койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
31.01.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
10 жылдан бери анан издешпей казыр издеп баштагандарына че то тан калып атам... Жанакы Жездесин жакшылап сураш керек го....
07.02.2018. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pchelka85,казыр дегин
31.01.2018. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай аай уйдон сак чыгып кеткен бойдон же тириги же олугу кайтбаса?бул канчалык оор,кандай болду экен бул кыз?жапжакшынакай кыз экен,коркуп журот окшойт дагы эле?менинда кайненемдин бир тууган иниси уйдон Бишкеке барып иштеп келем деген бойдон дайынсыз болууда?алып кеткен адам болсо эркиндикте журот?ал эми тайкебизди олду деген кара кагаз келди?эчким ишенген жок?маалыматтарга Караганда?казакстанга сатылып кетиптир деген миштер бар?кара кагазды сатып да алып берип койот бул заманда
31.01.2018. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал эми тайнебизге кыйын болду?каарып калган,жашы 80 ден отуп калган,балам тируу деп кундо жол карайт?ыйлап-ыйлап козунун жашы куруп калды?жардам берген эчким болбоду?эне байкуш кутот дайыма кирип келет бир кун деп?тайкебиз окуган эмес экен жашаган дарегинда анча билбейт экен эле?ошол себептен оз мекенине кайталбай журот дешуудо?жок дегенде каза болгондо соогун алып келишкен жок?соогу келбесе эчким ишенбейтда?2007 жылы чыккан бойдон кайткан жок.
31.01.2018. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Э тообо 10 жыл эмне кылып журдунор? 10кун жок болсо апа байкуш канча ыйласа керек эле, анын да козу тируу эмес экен да. Атасы, иниси бар экен эмне издебейсинер? Эххх.
31.01.2018. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге мурун издешкен эмес,мисалы кыз уйдон чыгып кеткенде?Тан калычтуу...
31.01.2018. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким милицияга ишенишпей оздору издегендир, балким милицияга бере турган акчасы жоктугунан, балким бир кылмышы бардыр. Ким билет дагы?! Эсен-аман табылып калсын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: