"Кургак учук оорусунун ачык формасы бар. Ал мындай дартка кабылган жарандар түкүргөн учурда башкаларга жугушу мүмкүн. Мен эске салгым келет, 2019-жылдан тартып өлкөдө көчөдө жүрүп түкүргөн жарандарга айып салынат. Биз ушундай мыйзам кабыл алганбыз", - деди Бекешев.
2019-жылдын 1-январында күчүнө кире турган "Бузуулар жөнүндө" мыйзамдын 71-беренесине ылайык, белгиленбеген жайга таштандыларды таштап, өрттөө жана түкүрүүгө үч категорияда айып салынат.
Анда жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 17 миң сом айып пул салынат.

Супер-Инфо
super.kg видео

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 2019-жылдан тартып көчөдө түкүргөн жарандарга 5 миң сомдон айып салына турганын эскертти. Эл өкүлү бул тууралуу "Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатканда билдирди.
















Тукургонго тыю салуу кыйын, хотя бы коомдук жайларда десе бир жон...
Депутаттар маанилуу иштер менен алектенсе болбойбу?!! Мисалы бюджетти тоноп-уурдаганды койсун...
Жыйындарга келбей койбой келип адамга окшоп иштегенди уйронушсун!!!
Жыйынга келбей койгон депутаттарга ар бир журушка келбеген куну учун 8 сааттан кочо шыпырууга мажбурлаган мыйзам керек.....
эдин койгойлуу маселесин чечпейсинерби? Урматтуу депутаттар!!аранардагы ушуга окшогондорду азайтпайсынарбы, силерге дагы соз тийип жатпайбы.