Орусияда мигранттардын документтерин текшерүү жүрүүдө. Полиция 44 Кыргыз жаранын кармап, көпчүлүгүн кайра бошотту
Орусияда полиция тарабынан мигранттардын документтерин текшерүү жүрүүдө. 7-февралда Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигине полиция тарабынан 44 Кыргыз жараны кармалганы боюнча маалымат түшүп, элчиликтин кызматкерлери Текстильщик районундагы ички иштер бөлүмүнө барган. Кармалгандардын жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилип, андан соң 35 жаран бошотулганын 8-февралда SUPER.KG'ге элчиликтен кабарлашты. Ал эми 9 жарандын Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузганы аныкталып, алардын документтери сотко жиберилген. "Протоколдорду биргелешип кароонун натыйжасында аларды “кара тизмеге” киргизбестен, 5 миң рубль айып пул салынары белгиленди. Ошону менен бирге мындай окуялардын алдын алуу максатында жарандарды жашаган жерине каттоого туруп жатканда ортомчулардын кызматын колдонбоону дагы бир жолу эскертебиз. Азыр текшерүү жүрүп жатат. Ошондуктан мындай кармоолор болот", - деди элчиликтин басма сөз кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
-2
-2

Супер-Инфо
super.kg видео

















регистрация 10 000 рубл бир жылдыгына бул кетишинде баякы эле изине тушот