Орусиянын БШКсы президенттик шайлоого ат салыша турган талапкерлердин тизмесин жарыялады
Бүгүн, 8-февралда Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого ат салыша турган талапкерлердин тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, президенттик шайлоого 8 талапкер ат салышат.
Талапкерлердин тизмеси:
- Сергей Бабурин;
- Павел Грудинин;
- Владимир Жириновский;
- Владимир Путин;
- Ксения Собчак;
- Максим Сурайкин;
- Борис Титов;
- Григорий Явлинский.
Президенттик шайлоо 18-март күнү өтөт.
Эске салсак, Владимир Путин 2000-жылы Орусиянын президенти болуп шайланган. 2004-жылы экинчи ирет президенттикке келген. 2008-жылы президенттик мөөнөтү аяктаган соң өкмөт башчы болуп 2012-жылга чейин иштеген.
2012-жылы (Орусиянын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, президенттин иштөө мөөнөтү 6 жылга чейин узартылган - ред.) Владимир Путин 63,6 пайыз добуш менен кайрадан президент болуп шайланган. Эгер 2018-жылы Путин шайлоодо жеңсе, ал 2024-жылга чейин Орусияны башкарат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















Сиз В.В Путин Орусиянын президенти болушуна каршы эмессизби?
Вариянттар.
1)Ооба,каршы эмесмин.
2)Жок,каршы эмесмин.