Инстаграм жаңы функция кошот: Эми досуңуздун сүрөтүн скриншот кылсаңыз ал билип калат
- Инстаграмдагы сүрөтүмдү скриншот кылып алдыңызбы?
- Кайдан билдиңиз?
Жакында Инстаграм тиркемесине жаңы функция кошулат. Эгерде кимдир бирөө сиздин Инстаграм баракчаңыздан сүрөттөрүңүздү көчүрүп же скриншот кылып алса, бул тууралуу сизге маалымдама келет.
Чет элдик маалымат булактары жазгандай, Инстаграмда сиздин сүрөтүңүзгө "уурулук" кылган колдонуучуну билип алуу мүмкүнкүнчүлүгү түзүлөт. Тизмедеги досторуңуздун кимиси скриншот кылган болсо, ал катталуучунун аты-жөнүнүн жанында атайын белги чыгып калат.
Азырынча бул кызмат сынактан өтүп жатат. Ошондуктан Инстаграмдагы айрым гана колдонуучулар аталган функциянын кызматын пайдаланып, бул кызматтын канчалык деңгээлде пайдасы бар экенине байкоо салышууда. Инстаграм баракчасынын жаңы кызматы жактырылса ишке кирет, бирок азырынча анын убактысы белгисиз.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-13
Рейтинг:
0

Мындайча айтканда мактанкана экен, бул да болсо жылдызмын дегендер учун.