super.kg logo

Израилдин премьер-министри коррупцияга айыпталууда

 

Израиль өкмөтүнүн башчысы Биньямин Нетаньяху коррупция боюнча айыпталууда. Өлкөнүн полициясы өкмөт башчынын тегерегиндеги териштирүүлөрдүн жыйынтыгын прокуратурага жиберип, ага айыбын угузууну сунуштап жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда. Израиль полициясы премьер-министрдин коррупцияга айыпталышы боюнча жетиштүү далилдер бар экенин билдирген.

Өзүнө коюлган айыптарга жооп кылып, Нетаньяху шейшембиде өз элине кайрылуу жасады. Анда өкмөт башчы полиция тарабынан жиберилген сунуштама юридикалык күчкө ээ эместигин айтып, ага карата эч кандай иш козголбой турганын, полиция кызматында бир да далил жоктугун билдирген.

Нетаньяхунун ишин иликтөө 14 айга созулган. Тергөөнүн версиясында Израиль өкмөтүнүн башчысы ишкерден баалуу белек алганы жана өлкөдөгү ири басма үйлөрүнүн бири менен келишимге барганы айтылат. Ал келишимде басмакананын негизги атаандаштарынын мүмкүнчүлүктөрүн чектей турган мыйзамды кабыл алууну сунуш кылган.

Өкмөт башчынын иши сотко жетишин Башкы прокуратура камсыз кылышы керек. Ал эми Нетаньяху өзүнүн күнөөсүз экенин, өкмөттү башкарууну улантарын айтып, кийинки жылдарда Израилде боло турган шайлоолордо ат салыша турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2018. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин милиция премеьр эмес министлерге эч нерсе айталмак эмес
14.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуну кормоксун мусулман мн росиияга каршы суйлойсун ар бир созун акча алып суйлоп жургонсунго э
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: