super.kg logo

Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги өрт өчүрүлдү (фото)

 

Бишкектин Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте чыккан өрт чектөөгө алынды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр майда очокторду өчүрүп жатышат. Цехтин ээсинин айтымында, цехтин иштеп жатканына 6-7 ай болгон. Ал эми ошол жерде жашагандар цехтин иштеп жатканына 2-3 жылдан ашып калганын айтышууда.

"Эртең менен цехте эч ким жок болчу. Кандайча өрт чыкканын билбейм. Тилсиз жоонун эмнеден улам келип чыкканын өрт өчүрүүчүлөр аныкташат", - дейт цехтин ээси.

Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн кароол башчысы Руслан Бекишовдун билдиришинче, өрт тууралуу маалымат саат 07:58де келип түшкөн.

"Биз бул жерге 08:04тө келдик. Кийинки экинчи машинаны чакырдык. Саат 08:57де тилсиз жоо чектөөгө алынып, өчүрүлдү. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери белгисиз", - дейт Бекишов.

Айта кетсек, бүгүн, 14-февраль күнү эртең менен Жибек Жолу көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги кийим тигүүчү цехте өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен коңшу жашаган бир аял "түтүнгө ууландым" деп "Тез жардам" кызматына кайрылган.






Жибек жолу Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде өрт чыкты 3

"Эшик сыртынан бек, күйүп кетемби деп корктум"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
SUPER.KG видео
14.02.2018. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээх Кудай шүгүр эч ким өлбөй тирүү калыптыр. Аман эле бололучу. Эреже сактабайсынар ошондон өрт чыкты да 7,8 мин $ расход болсо болсун аман болсон табылат. Өлүп калсан ал деле калат. Көр оокаттын айынан көргө жеткиче акча деп өлмөй болдук
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: