super.kg logo

Британиялык басылма Кыргыз жерин саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошту

 

Британиялык басылма Кыргыз жерин саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, саякаттар жөнүндө жарык көргөн британиялык "Wanderlust" журналы Кыргыз өлкөсүн 2018-жылы саякаттоо үчүн эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Негизги бөлүктө "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө" деп Канада аталса, "Өнүгүп келе жаткан тармак" категориясында Кыргыз өлкөсү сап башына жазылган. Мындай жыйынтыкка келүү үчүн басылма атайын изилдөөнүн жүрүшүндө өзүнүн 2 миңден ашуун окурманынын пикирин билген. Бул сурамжылоонун негизинде бир нече багыт аныкталган, алар: "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө", "Өнүгүп келе жаткан тармак", "Саякаттоо үчүн мыкты шаарлар" жана башкалар.

"Wаnderlust" басылмасынын тандоосу боюнча "Саякаттоо үчүн эң мыкты өлкө":

  1. Канада;
  2. Жаңы Зеландия;
  3. Перу;
  4. Намибия;
  5. Япония;
  6. Вьетнам;
  7. Орусия;
  8. Коста-Рика;
  9. Камбоджа;
  10. Италия;

"Өнүгүп келе жаткан тармак":

  1. Кыргыз өлкөсү;
  2. Иран;
  3. Грузия;
  4. Гренландия;
  5. ​​​​​​​Черногория;

"Саякаттоо үчүн мыкты шаарлар":

  1. Киото;
  2. Венеция;
  3. Севилья;
  4. Будапешт;
  5. Дубровник;
  6. Москва;
  7. Бостон;
  8. Сидней;
  9. Луанг-Прабанг;
  10. Ванкувер.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
14.02.2018. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы ото жакшы жанылык
14.02.2018. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Келген туристтерди коркутуп тонойм,акча ондуром деген галдирбайларды азайтыш керек!
14.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Монгулорду бузганды токтотуш керек!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: