super.kg logo

Америкалык кёрлинг спортчусу 8 жылдан бери мелдештерге кийген кедасын алмаштыра элек, ал тытылып кеткен

 
Тайлер Жорждун тамтыгы кеткен кедасы

Америкалык кёрлинг спортчусу Тайлер Жорж Корей Республикасынын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан XXIII Кышкы Олимпиада оюндарына тамтыгы кеткен кедасын ала келген. Спортчу 8 жылдан бери дал ушул күнү тамтыгы кеткен бут кийим менен кёрлинг оюнуна катышып келген.

Бүгүн, 14-февралда болгон командалык оюнда АКШнын курама командасы Корей атаандаштарынан озуп, жеңишти камсыздай алды.

Тайлер Жорж чет элдик гезиттердин бирине тамтыгы кеткен бут кийимин спорттук кийимдерди чыгарган белгилүү бренддерден эмес, жөнөкөй эле соода борборунан алган бут кийим экенин айткан.

"Мындан 8 жыл мурда кийим саткан соода борборуна барганымда сызыкча түшүрүлгөн ак кедага көзүм түшүп, аны сатып алгам. Өзүмө аябай жаккандыктан кеданын таманына тефлон пластинасын чаптап алгам. Тефлон пластинасы муз үстүндө сыйгаланууну жеңилдетет. Ошондон тартып мелдештерге кийип чыга баштагам. Кедамдын оң бутумдагы жубу ташты "үйгө" чогултуу же атаандаштын ташын сүрүп чыгарууда көп урунгандыктан тытылып калган", - деген ал.

Тайлер Жорж кёрлинг оюнундагы эң башкы нерсе ыңгайлуу бут кийим деп билдирген. Спортчу кеданы канчалык көп убакыт кийсе, оюнчунун кыймылы так, курч боло баштайт деген. Ал эми жаңы бут кийимге көнүү үчүн бир нече апта керектелет. Ошондуктан жаңы кедага көнүүгө сарпталган убакытты америкалык кёрлинг оюнчусу машыгууга жумшаарын айткан. Буга чейин Тайлер Жорж эки ирет бут кийимин алмаштырган. Биринчиси өзүнүн катуулугу менен көңүлүнө жакпай калса, экинчисинде тизесинен жаракат алган. Мындан улам эски эле кедасын жаматып алып кийүүнү эп көргөн. Бирок бут кийим оңдоого 2-3 күн убакыт кетерин ойлоп, эскилиги жеткен кедасынан бир мүнөткө да алыстагысы келбеген.

Тайлер Жорж 1982-жылы 6-октябрда АКШнын Миннесота штатындагы Дулут шаарында төрөлгөн. Ал кёрлинг спорту менен 11 жашынан тарта алектенип баштаган. Учурда АКШнын кёрлинг боюнча улуттук курама командасынын оюнчусу. 2016-жылы мырзалар арасында өткөн кёрлинг боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалдын жеңүүчүсү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
14.02.2018. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Карызга акча берип турсакпы, мамлекеттин эсебинен?
14.02.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат экенсин!
14.02.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
чемпиондор лигасын кабарга кошпогонунарга тан калдым
14.02.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул ырымыда озунун. Бизде деле болот го кэээде
15.02.2018. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин куйоом да ушундай. :) таманы айрылгыча кийди го жакшы коргон кроссовкасын. Бул деле сооп деп коет.
15.02.2018. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик алып келээрине ишенсе кийе берсин да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: