super.kg logo

Дүйнө жүзүндөгү эң кымбат жана жогорку сапаттагы кофелер

 

Кофе дүйнө жүзү боюнча күйүүчү майдан кийин эле, эң көп сатылган товарлардын катарына кирет. Айрымдар кофеинди кеңири тараган маңзат катары да эсептешет. Статистикага таянсак, бир күндүн ичинде дүйнөдө 2 миллиард 200 миң чыны (чашка) кофе ичилет.

Алдыда дүйнө жүзүндөгү эң кымбат жана жогорку сапаттагы кофелери тууралуу сөз кылабыз.

Hacienda La Esmeralda

Hacienda La Esmeralda - дүйнөдөгү эң кымбат жана жогору сапаттагы кофе катары айтылып келет. Өзгөчө элиталык сорттогу кофе Панаманын батышындагы Бару тоолорунда өстүрүлүп, ошол жердеги фермада даярдалат. Бул сорттогу кофенин баасы жылдан жылга өсүүдө. Алсак, 2004-жылы аукциондо 1 фунт (0,45 килограмм) кофенин баасы 21 долларга сатылса, 2013-жылы 350 долларга сатылган. Учурда бул элиталык кофенин баасы жөнөкөй кофеге караганда 6 эсе кымбат.

Luwak Coffee

Luwak Coffee - дүйнөдөгү эң кымбат кофелердин катарын толуктайт. Кызыгы, бул сортту алууда циветта (мусанг) жаныбары жардамга келет. Ага жаңы үзүлгөн кофенин мөмөлөрүн беришет, циветтанын ашказанындагы атайын ферменттердин жардамы менен иштелип чыккан кофе заң аркылуу чыккан соң кургатылат. Андан кийин жуулат, кайра кургатылып анан куурулуп, кофе катары өндүрүшкө чыгат. Күнүнө 1 килограмм кофе мөмөсүн жеген циветтадан 50 грамм гана лювак кофесин алууга болот. Бул кофенин 1 килограммы 360 доллар турат.

St. Helena Coffee

Атлантика океанындагы Ыйык Елена аралында өстүрүлгөн бул кофе өзүнүн кайталангыс керемет даамы жана байыркы тарыхы менен мактана алат. Алгач 1733-жылдын 10-февралында аралга кофени индиялык ишкер алып келген. Ыйык Елена аралы континенттерден алыс жайгашып, таза жер болуп эсептелет. Кофе табигый гана жол менен өстүрүлөт. Мындан улам бул кофе дүйнөдөгү эң таза болуп эсептелет. 1 килограммынын баасы 174 долларды түзөт.

Molokai Coffee

Molokai Coffee - Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү Гавайи аралында өстүрүлөт. Ошол чөлкөмдүн климаты кофенин керемет даамга ээ болушун шарттайт. Мындан улам анын даамына, жытына ашыккандар арбын. Аны сүйүп ичкендердин көбү АКШлыктар. Гавайиде өстүрүлгөн кофенин 1 килограммы 113 доллардан сатылат.

Fazenda Santa Ines

Бразилия кофени эң көп экспорттогон өлкө болуп саналат. Бир жылдын ичинде өлкөдө 3 миллион тонна кофе өндүрүлүп чыгат. Мындан улам кофенин баасы башка өлкөлөргө салыштырмалуу арзан. Бирок кофе талааларында атайын сорттогу кофелер дагы өстүрүлөт. Алардын арасынан эң мыктысы болуп Fazenda Santa Ines ишканасынын кофелери эсептелет. Минералдык суулар менен сугарылып өстүрүлгөн кофенин баасы 110 доллар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
15.02.2018. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экинчи кофени бекер берсе да ичпейт элем
15.02.2018. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гранула түрүндөгү кофелерден шектенип калдым, эң жакшысы кофенин данча түрүндөгүсү окшойт.
15.02.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зан аркылуу чыккандан кийин саткандары шумдук го,иЯ??
15.02.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде саткан кофэлер арзанго,подделка окшойт да ээ
15.02.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Смартричтин кофелери жонундо да маалымат бергилечи мумкун болсо.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: