super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бишкекте кош бойлуулуктун 9-айында кайыр сурап отуруп катуу үшүп калган келин "Тез жардам" менен төрөт үйүнө жеткирилди

 

Көз жарарына саналуу эле күндөр калганда, кош бойлуулугунун 9-айында Айжамал Бишкек шаарындагы жер астынан өтүүчү жайлардын биринде кайыр сурап отурган. Бул тууралуу SUPER.KG сайтына Баланын укугун коргоочулар лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди.

"Умай Арыкова аттуу активист айым көчөдөн кош бойлуу келиндин кайыр сурап отуруп суукта катуу үшүп калганын көрүп, ага өз алдынча жардам кылганын жана келинге тез арада медициналык жардам керектигин айтып чыккан. Андан соң БУУнун гендердик өнүктүрүү программасынын адиси Үмүтай Даулетова социалдык баракчасына келиндин оор абалын, ооруп кыйналып жатканын жазып чыккандан кийин мен Бишкек шаардык Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Лидия Мухаметшинага абалды түшүндүрдүм. Ал мени "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов менен байланыштырды, ушул адамдын аракети менен келин "Тез жардам" унаасы менен Чүй облустук ооруканасына жеткирилген. Учурда ооруканада, 10 жаштагы кызы да бар экен, аны алысыраак туугандары карап жатат", - деди Назгүл Турдубекова.

Турдубекованын айтымында, ал "Дордой" базарынын айланасында аянычтуу абалда жашоо кечирип жаткан. Тамак-ашы таптакыр жок болгондуктан өзүнүн да, курсагындагы баласынын да өмүрү коркунучта болгон.

"Айжамал мурда Ош облусунун Кара-Суу районунда жашаган. Күйөөсү кызы менен кошо таштап кеткен, эки агасын да Айжамалдын тагдыры кызыктырган эмес. Айжамал Бишкекке келип талаа жумуштарына иштеп жүрүп "Дордой" тараптан батир жалдап 10 жаштагы кызы менен бирге жашачу экен. Төрөткө, тамак-ашка деп чогулткан акчасын да уурдатып алган. Эч нерсеси жок калганда мечитке келип кайыр сурап 150 сом чогулткан, андан соң жер алдындагы адамдар өтүүчү жайга келип отурган", - деп жазган социалдык тармактагы баракчасына Үмүтай Даулетова.

Айжамалдын жана 10 жаштагы кызы менен жакында жарыкка келе турган наристенин алдыдагы тагдыры учурда чечиле элек. Назгүл Турдубекова учурда кош бойлуу келиндин кийинки жашоосуна шарт түзүү үчүн кризистик борборлорду издеп жатышканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.02.2018. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азиза Абрдрасулова каяктасын тим эле аялдардын укугун коргоп ийчуу эленго?Дагы бир депутат аял каяктасынар? Мына ушуларды коргогула коройун
16.02.2018. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Телефонун калтыргыла, кийим кечеден болсо да жардам берем
16.02.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702, саламатсызбы! Жардамга муктаж келинге жардам белгиси келген кайрымдуу жарандар анын 0772731394 телефон номери аркылуу байланышка чыга алышат.
https://www.super.kg/kabar/news/220239/
16.02.2018. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап.Ото кейиштуу.Эркектердин жоопкерчиликсиздигинен байкуш аялдар жабыр тартып жатат.Аялдар кор заман го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: