super.kg logo

Орусиянын ТИМи "Сирияда жүздөгөн орус жарандары каза болду" деген маалыматты төгүндөдү

 

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова "Сириядагы куралдуу салгылашууда жүздөгөн орус жарандары өлдү" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.

Захарованын айтымында, Сириянын Дейр-эз-Зор аймагында 7-февралдагы салгылашууда Орусиянын беш жараны каза болушу мүмкүн. "Алар аскерлер эмес, согуштук талаада кандай максатта жүргөнүн иликтөө зарыл", - деди Захарова.

Орусиянын ТИМи 7-февралдагы куралдуу салгылашуу боюнча биринчи жолу кечээ, 15-февралда үн катты. Захарова адам өлүмүнө байланыштуу жалган маалыматтардын тарашына АКШнын маалымат каражаттарын жана орусиялык оппозицияны айыптады. Ал Сириядагы жаңжалдуу аймактарда Орус жарандарынын бар экенин моюндап, алардын орус аскердик күчтөрүнө тиешеси жоктугун айткан.

Белгилей кетсек, 7-февралдан кийин бир канча чет элдик маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, Сириядагы салгылашууда АКШ жетекчилик кылган коалициялык күчтөрдүн аба соккусунан 100гө чукул Орус жарандары каза болгонун жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.02.2018. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечээ жанымда иштеген орус кызга ватсаптан аудио жиберишти эле ушул турууралуу.эркек кишини суйлоп атат." мага балдар связга чыгып айтышты, колона менен кетип баратышса америкосы атака кылыптыр вертушка менен да, 200 ребят наших положили деп.. А СМИ и ТВ молчат, поэтому разошлись это по вотсапу пусть все знают" деп. Мен кулуп койгом "кой бул оппзиционерлердин интригасы го" деп ал кызга.. Анан эле Захарованын создору уже интернеттен тарап кетти. 5 киши деп. И то военнослужащие
16.02.2018. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
И то военныйлар эмес деп. Ким билет??!!.. Кайра ойлоп калдым тигил аудио записте айтып аткан киши может чфндыкты айтып аткан жокпу деп.. Эми 5 киши деп, анан эмнеге согуш талаасында жургонун аныкташ керек деп атышса. ИГИЛге отуп кеткен жарандар деп айтышса танкалбайм Эми ошол 5 кишини...
16.02.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында Сирияда ото коп жоготуулар болуп атат, Орус самолетторун техникаларын Европанын заманбап куралдары оной эле талкалап атат. Захарова официалдуу жактар албетте эч ким олгон жок, жоготуулар жок дейта, Израил учкучтары Орустардын бириккен Орус Сирия базаларын талкалап, абадан коргоочу астынкы деген С400 ПВОсун кошуп талкалап дуйного уят кылып атат. Кенениреек интернеттен коргуло.
jbolotov түзөттү 2018-02-16 11:18:12
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: