Кышкы Олимпиада оюндары: Сноуборд боюнча мелдеште алтын медалды италиялык спортчу жеңип алды
Бүгүн, 16-февралда Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында XXIII Кышкы Олимпиада оюндарында спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, анын 6 түрүндө медалдар ойнотулууда. Учурда сноуборд боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Кыз-келиндер арасында өткөн мелдеште жалпы 26 спортчу күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында италиялык Микела Мойоли алтын медалдын ээси болду. 2-орунду франциялык Жулия Перейра багындырды, ал эми коло медалдын ээси чехиялык Ева Самкова болду.
Жалпы командалык эсепте азыркы тапта Германия курама командасы 9 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен алдыда келе жатат. 2-орунда Норвегия курама командасы (6 алтын, 7 күмүш жана 5 коло медаль), 3-орунда 5 алтын, 5 күмүш жана 2 коло медалдын ээси Голландия курама командасы жайгашууда.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:14
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















