super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-ФЕВРАЛЬ: Мындан 21 жыл мурун Кытайдын улуу жол башчысы Дэн Сяопин каза болгон

 
Мындан 21 жыл мурун, тактап айтканда, 1997-жылы 19-февралда Кытай эл башкаруучусу Дэн Сяопин Пекинде каза болгон.
Дэн Сяопиндин чыныгы аты-жөнү Дэн Сяньшэн. Ал кытайлык саясатчы жана реформатор. Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) ишмери, улуу жол башчы. Ал 1904-жылы 22-августта Сычуань провинциясында Гуанъань кыштагында төрөлгөн. Дэн Сяньшэндин кичине кезинде апасы каза болуп калат. Атасы аны мыкты делген мектепке киргизип, билим алуусуна шарт түзөт. Окуп жүргөн чагында фамилиясын Сяопин деп өзгөртөт. 1919-жылы 15 жаш курагында Францияга окууга жөнөйт. Акчадан кыйналганына байланыштуу окуп да, иштеп да жүрөт. Алгач темир жолдо, кийинчерээк “Рено” автозаводунда, андан соң өрт өчүргүч, официант болуп эмгектенет.
1923-жылы Кытай жаштарынын коммунисттик союзуна кирет. 1923-жылы Кытай Коммунисттик партиясына өтүп, Кытай жаштар союзунун лидери да боло алган. 1926-жылы Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин университетине тапшырып, билим алат. 1945-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын секретары болуп орношот. 1952-жылы вице-премьер болуп иштейт. 1966-1969-жылдардагы маданий төңкөрүштөн кийин Дэн достору менен репрессияга кабылышкан. 1973-жылы акталып, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалат. 1975-жылы ККПнын төрагасынын орун басары болуп кызмат кылган. 1977-жылдан тарта өлкөнүн экономикасын, айыл чарбасын, өндүрүш, курулуш, экспортту жөндөөгө жетише алган. Анын демилгеси менен «маданий революция» саясаты, бийликтин жаңылыштыктары сынга алынып, жеке ишмердикке жол ачылган жана ММКга карата цензуралар жоюлган. 1980-жылдардын башында Кытай менен Тайванды тынчтык жолу аркылуу бириктирүү үчүн «бир өлкө – эки түзүлүш» аттуу идея киргизген. Дэн Сяопин өз эрки менен 1987-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын мүчөлүгүнөн, 1989-жылы Кытай Борбордук согуш кеңешинин башчылыгынан баш тарткан. Ага карабастан өмүрүнүн акырына чейин КЭРдин жетекчилигинде негизги күч болуп саналган.
Анын ысымы 1996-жылы июнь айында Бишкектин көчөсүнө ыйгарылган.
19-февралдын жылнаамасы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
19.02.2018. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бишкектеги жол бар го эстелик тургузгула эми. Ибраимов кутом сенден эстелик Сяоапин кочосунон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: