super.kg logo

Түркмөнстанда мамлекеттик кызматкерлерге намаз окуса кызматынан бошотулары эскертилүүдө

 

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда Мамлекеттик коопсуздук кызматкерлери намаз окууга тыюу салууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, коопсуздук кызматкерлеринин өкүлдөрү намаз окуган мамлекеттик кызматкерлерди, пенсия курагына жете элек жарандарды жана жаш балдарды суракка алууда. "Намазды эмнеге окуп жатасың?", "Ким менен баарлашасың?" жана "Ата-энең каякта?" деген суроолорду берип жатышат. Эч жерде иштебеген адамдарга сурак көбүрөөк жүргүзүлөт. Аларга "Түркияда иштеп келгенсиңби?", "Ал жакта туугандарың барбы?" деген суроолор да берилүүдө. "Азаттыктын" Түркмөнстандагы кызматына жарандар бул тууралуу билдиргени менен, коопсуздук кызматынын бул кадамынын максатын түшүндүрүп бере алышкан эмес. Ал эми коопсуздук кызматынын өкүлдөрүнөн бул тууралуу маалымат алуу мүмкүн болбогондугу жазылат маалыматта.

Ошондой эле, мамлекеттик кызматкерлер намаз окуса кызматтарынан кол жууй турганын да эскертишкен. Мындан тышкары бир катар район жетекчилерине намаз окуган, динчил адамдардын тизмесин түзүү тапшырмасы берилгени маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
20.02.2018. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жакшы эмес.

Арак ичп, тамеки тартып көрүнгөн жерде шымына сийип уктап калгандар көп. Намаз окуган мусулман күндө 5 жолу даарат алып, таза болот. Анан да жаман жолго барбайт.
20.02.2018. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар да кылаарга иши жок окшойтко,келип келип намаз окугандарды чукуп баштаса.Эли бизден бешбетер бп тентип кеткен,Турцияда эле канчалаган калкы жүрөт.Ошолорду кайтаруунун жолун издешпейви намаз окугандардын артынан сая түшпөй...Бийлиги начардыгын ушундан билсе болот..
20.02.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыяматтын белгиси!!!
20.02.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ханды Кудай ураарда оз элине кас болот дегендей болуп ататко.
20.02.2018. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Отуруп алып ар нерсени жаза бересиңер да. Калп эле динди жамынып мамлекеттин мыйзамына каршы аракеттерге барчу күчтөр күчөп кетти азыр. Түрдүү агымдар. Алардын да жашыруун кызматтары бар, иликтеп атышат. Жөндөн жөн тийишпейт. Түркмөндөр бизге караганда динге жакын эл
20.02.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bazar,баары эле акылдуу болуп кетет коопсуздук кызматы териштируу башталдыбы демек бир нерсе бар!алар ошон учун коопсуздук кызматы
20.02.2018. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла бизди дагы мындай kысымдардан саkта.
20.02.2018. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жакшы нерсе эмес,жакшылыка алып барбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: