Шотландияда чоргодон сыра агып туруучу мейманкана ачылат
2019-жылы Шотландиянын Абердиншир облусунда сыра ичүүчү мейманкана ачылат. Анда коноктор номерде отуруп алып сыра ичүү үчүн бөлмөдөгү чоргону бурап коюусу гана жетиштүү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, сыра чыгарган жергиликтүү компаниялардын бири 10 жылдан бери ойлонуп келген планын ишке ашырганы турат. 26 бөлмөдөн турган мейманкананын ар бир бөлмөсүнө ашыкча түтүктөр киргизилет. Анын чоргосунан коноктор үчүн чектөөсүз сыра агып турары ойлонуштурулган.
"Бул үчүн компания 73 миң инвестордон 63 миллионго жакын евро топтогон. Ар бир акча салган инвесторго "мейманкананын кадырлуу коногу" макамы берилет", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:41
2025-08-13
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Elnura1997

22.02.2018. 03:58
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстантын айыл жерине таза суу так жетпей атса элдер пиво агызып журотко
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.