Дүйнөдөгү эң семиз эркек киши 137 килограммга арыктады
Гиннесстин рекорддор китебине кирген дүйнөнүн эң семиз жараны 100 килограммдан ашык салмакка арыктады. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар таратышты.
Белгилүү болгондой, Мексиканын 33 жаштагы Хуан Педро Франко аттуу жараны 2017-жылы дүйнө жүзү боюнча салмагы оор деп табылып, дүйнөгө рекорд койгон. Анын ошол кездеги салмагы 590 килограмм болчу.
1 жыл мурда Хуан Педро Франко ашыкча салмактан арылуу үчүн 3 ай диета кармаган. Байкаларлык арыктагандан кийин хирургдарга кайрылып, ашказан-ичегилерин операция жолу менен кичирейткен.
Учурда анын салмагы 453 килограмм. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, ашыкча салмактан жабыр тарткан жарандары көп болгон өлкөлөрдүн арасында Мексика сап башында турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















