super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛНААМА, 23-ФЕВРАЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова 43 жашка чыкты

 
Жогорку Кеңештин VI чакырылышындагы КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекова 1975-жылы 23-февралда Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин журналистика адистигин аяктаган.
Эмгек жолун 1992-1993-жылдары Ат-Башы районундагы Бирлик айылындагы "Маадабай" дыйкан чарбасына жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1995-1996-жылдары "Асаба" гезитинде алгач тажрыйба өтөп, 1996-2001-жылдары гезиттин кабарчысы болуп иштеген;

2001-2007-жылдары "Агым" гезитинин кабарчысы;

2007-2008-жылдары "Дефакто" гезитинин башкы редакторунун орун басары;

2008-2009-жылдары "Айат пресс" гезитинин башкы редактору кызматын аркалаган;

2009-2010-жылдары "Эл сөзү" жана "Форум" гезиттеринде башкы редактор, 2010-жылы "Айат" гезитинин башкы редактору болуп дайындалып 2012-жылга чейин иштеген;

2012-2015 жылдары Бишкек шаардык мэриясынын №3 муниципалдык аймактык башкармалыгынын жетекчиси болуп турган;

2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Үй-бүлөлүү, үч кыздын апасы;

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

23-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: