super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков мекен сакчыларын майрамы менен куттуктады

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков бүгүн, 23-февраль мекен сакчыларын майрамы менен куттуктады. Төрага бул күндү бүткүл өлкө үчүн даӊазалуу, сыймыктуу күн катары белгилеп, өлкөнүн тарыхындагы майрамдын маанисине көңүл бурган.

"Аскер кызматын жана каармандыкты кадырлоо ар бир коомдо тереӊ тамыр алган. Мурдатан келе жаткан салтка жараша бул "эркектердин майрамы" аталып келет. Анткени куттуу үйдү жана ата конушун коргоо – байыртадан ар бир эркектин ыйык парзы болуп келген.

Ата журт – бул ата-эне, үй-бүлө, анан да ачык асман. Анын коргоочусу болуу – ардактуу жана жооптуу. Ошондуктан жоокерлер ар бирибиз үчүн өтө ыйык болгон ар-намыс, антка бек туруу, мекенди сүйө билүү деген түшүнүктөрдү муундан-муунга ата мурасы катары өткөрүп келет. Ата журттун кызыкчылыгын коргоодон өткөн ыйык жана акыйкат милдет жок.

Ата Мекенди коргоочулардын күнү – армиядагы катаал кызматты өтөшкөн каарман жана эрктүү адамдардын гана эмес, бүгүн ар бирибиздин бейкутчулугубузду жана тынчтыгыбызды сактап, катарда кызмат өтөп тургандардын майрамы", - деп айтылат төраганын куттуктоосунда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: