super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Казакстанда Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн кийимдерден уулуу заттар табылгандыгы айтылууда

 

Казакстандын Караганда облусунда Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөн балдар кийимдеринен уулуу заттар табылды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, шаардын санитардык кызматы дүкөндөр менен базарларда сатылган балдар кийимдеринде зыяндуу зат формальдегиддин өлчөмү нормадан ашыкча экендигин аныктаган. Дарыгерлер бул балдардын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жарата турганын билдиришкен. Ал эми зыяндуу заттар табылган кийимдер Кыргыз өлкөсүндө өндүрүлгөнү маалымдалган.

Бул боюнча Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев ден соолукка зыян келтирген товарлар Кыргыз жеринен барганы тууралуу расмий билдирүү алса, тийиштүү чараларды көрө турганын, керек болсо кызматтык иликтөө жүргүзө турганын билдирген.

"Эгер товарлар бизге тиешелүү болсо сөзсүз иликтөө жүргүзөбүз. Бул жерде сөз балдардын ден соолугунда болуп жатат. Эгер өлкөдө тиешелүү эрежелерди сактабаган кандайдыр бир фабрикалар бар болсо, алар жабылышы керек", - деген ал.

Учурда товарлар соода жүгүртүүдөн алынып, аны сатып жаткан ишкерлерге 200 миллион теңге айып салынганын жергиликтүү басылмалар жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
23.02.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Кийим кечелер биздин олкодон ондурулгону менен,кездемелер Кытайдан келип жатбайбы.Эгер бизде да каттуу текшеруу болгондо,мындай болмок эмеес.
23.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул министир кайсы эрежэлерди айтып жатат кайсы саны жок эсепсиз фабрикаларды айтып жатат? Козомол текшеруу эреже деген нерселер бизге жат корунушго.
23.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Мен Алматы шаарында базарда иштеймин,Кытайдан келген кийимдерди текшербейт Кыргыздан чыккан кийимдерине атайын артка тартып көрө албастык кылып жатышат типа Кыргыздардын атын булгап элдерине жаман көрсөтүп өздөрүнүн өнүмдөрүн мактап сатмайдын пайы болуп жатат,кече эле телефизордон көрсөттү Кыргызды жаман жагын көп айтышат жакшы жагын айтканын эч качан еөрө элекмин!!
23.02.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
baisogur,Туура айтасың. Бул көрө албастык.
23.02.2018. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
казахтар эптеп эле Кыргызстандын товарын жамандап жатышат былтыр мөмө жемишти айткан
23.02.2018. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кытайдан кийим алып келип, этикетин алып салып Кыргызстандын этикетин кошуп Россияга товар жонотушот деп уккам. Мумкун ошондой товарлар Казахстанга да кетип калгандыр. Кыргызстан ошол кийимдерди алдыртып, ким жонотконун, ким тиккенин катуу текшерип чыкпаса жападан жалгыз онугуп келе жаткан тармагыбыз да жаманатты болуп токтоп калуу коркунучунда.
tram-lam түзөттү 2018-02-23 18:02:47
23.02.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тигүү цехтерибиз Кыргызстандын эң чоң кен байлыктарынанда көп пайда берип жаткан булак болуп саналат. Кумтөргө караганда тигүү цехтерден көп пайда түшүп жатат мамлекетибизге. Тигүү цехтердин келечегин ойлогула чоңдор.
24.02.2018. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ойумча бул жонгана короалбастык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: