Денесинин 60 пайызы күйүп калган Аруукеге 2-операция жасалды
Денесинин 60 пайызы күйүп калган 3 жаш 7 айлык Аруукеге 20-февралда 2-операция жасалды. Бул тууралуу Аруукенин эжеси Гүлбарчын Карабаева билдирди.
"Аруукеге 20-февралда 2-операция жасалды. 1-операция 17-февралда болгон. Экөөнүн ортосу жакын болгонгобу, кыздын шайы кетип калды. Бутунун терисин алып жонуна чапташты. Кармаганга эч нерсеси жок, шылынып калды. Көргөндө жүрөк титирейт. Кийинки операция 27-февралда болору күтүлүүдө", - дейт Аруукенин эжеси.
Эске салсак, Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун Ленин айылында жашаган 3 жаш 7 айлык Аруукеге кайнак суу төгүлүп, денесинин 60 пайызы күйүп калган.
Борбордогу 4-клиникалык оорукананын күйүк бөлүмүнө жаткырылып, 17-февралда 1-операция жасалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
3
3

Супер-Инфо
super.kg видео
















Жараткан куч кубат берип батыраак сакайым кет жожотай!