ТИМ: "Казакстанда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарынын дагы бири каза болду"
Казакстандын Алматы облусунда жол кырсыгына кабылган Кыргыз жарандарынын дагы бири каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
"Оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген Өзгөн районунун Кысык-Алма айылынын 38 жаштагы П.Ж. аттуу тургуну кечээ, 26-февралда саат 23:30дар чамасында каза болду. Ал жол кырсыгына кабылган унаанын айдоочусу болгон. Учурда биздин Казакстандагы элчиликтин кызматкерлери маркумдун сөөгүн Кыргыз жергесине алып келүү аракеттерин көрүп жатышат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Айта кетсек, буга чейин Тышкы иштер министрлигинен Алматы-Бишкек унаа жолунда жол кырсыгынан Кыргыз жараны каза болгонун билдиришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















