Өлкөдө коомдук жайлардагы дааратканалар текшерилет
Өлкөдө эл көп жүргөн коомдук жайлардагы мекеме-ишкана, базар, оорукана, клуб, кафе-ресторандардагы дааратканаларды текшерип чыгууну Саламаттыкты сактоо министрлиги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине тапшырды. Бул маалыматты аталган департаменттин башчысы Төлөн Исаков тастыктады."Өлкөнүн шаарларындагы, райондорундагы бардык коомдук жайлардагы дааратканалар текшерүүгө алынат. Тазалыгы, жайгашышы, кол жууган жеринин бар же жоктугу текшерилет. Анткени дааратканалардан көптөгөн оорулар жугушу мүмкүн. Эгер санитардык эрежелер сакталбаса, административдик айыптар салынат", - дейт Исаков.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















