super.kg logo

Германияда жаран 12 жашар баласынын көзүнчө аялын өлтүргөн соң түз эфирге чыккан

 

Германияда жаран 12 жашар баласынын көзүнчө аялын өлтүргөн соң түз эфирге чыккан. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Абу аттуу жаран 37 жаштагы аялы экөө 12 жыл бирге түтүн булатып 2 балалуу болгон соң, аялы ажырашууга арыз жазган. Ажырашкандан кийин аялы Абуга балдары менен жолугуп турууга уруксат берген. Балдарына жолукканы келген Абу менен аялы экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аялы Абуну эшикке чыгарып койгон. Аялына жини келген Абу аны 12 жашар баласынын көзүнчө моюнга бычак менен үч жолу сайып өлтүргөн.

Окуя болгон соң, ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан түз эфирге чыккан. Түз эфирде окуя тууралуу айтып берип, аялдарды күйөөлөрүн сыйлап жүрүүгө чакырып, 12 жаштагы баласын жетелеп кетип калган.

Үйүнө келген кызы апасынын жансыз денесин таап, полиция кызматын чакырган. Полиция кызматкерлери кылмышкерди 2 сааттан кийин таап, камакка алышкан. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.






Аялын өлтүргөн соң түз эфирге чыккан киши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
06.03.2018. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сен биринчи сыйлабасаң, сени кантип сыйласын? Сыйлаганы үчүн үйүнө киргизип, балдарыны көрүүгө уруксат берген да. Башы жок экен!
06.03.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бироодон жакшы мамилени талап кылаардан мурун,озунор жасагыла анан талап кылгыла.
06.03.2018. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamiev, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
06.03.2018. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыйратып койгонсуп туз эфирге чыгып, акмак экен дагы. Балдарын жетим калтырып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: