super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы иштери эки жыл ичинде натыйжа берет" дейт Сагынбаев

 

Коопсуздук кеңешинин коррупцияга каршы иштери эки жыл ичинде натыйжа берет. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта маалымат жыйынында Коопсуздук кеңештин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.

"Бул 45 иш-чаранын аткарылышы ар кайсы убакытка белгиленген. Тактап айтканда, айрымдары 1-мартка, 1-июнга, 1-августка жана 2018-жылдын аягына чейин аткарылышы керектиги, калгандары 2019-жылы аткарылат. Бирок алгачкы жыйынтыктары ушул жылдын июнь-июль айларында натыйжа бере баштайт", - деди Сагынбаев.

Мындан тышкары ал укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин шек санаткан декларациясы боюнча жооп берди.

"Укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлеринин шек санаткан декларациясы жазуу түрүндөгү макулдук менен атайын комиссияга берилип текшерилип чыгат. Комиссиянын курамында ошол эле салык, укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарынын кызматкерлери болот. Алар текшерип чыгып, Башкы прокуратурага өткөрүп берет. Ал эми Коопсуздук кеңеши ага көзөмөл салып турат", - деп кошумчалады Сагынбаев.

Айта кетсек, 8-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн. Анда 45 иш-чараны камтыган чечим кабыл алынган. Алардын көпчүлүгү укук коргоо, сот жана көзөмөл органдарындагы коррупциянын алдын алууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.03.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 жылда баары буткондобу.бизди жутуп калган кезинер болуп калат
14.03.2018. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эмне деген текшеруу болду??
Сот жана укук коргоо козомол органдарынын байлыгын текшерген комиссия сот жана укук коргоо козомол органдары тарабынан тузулуптур. Кулбогонго айлан жок. Кайсыл жинди озунун байдыгын озу иликтейт жэ текшерет. Паракорлорго паракорлор менен курошкуло дептирда. Буну кандай тушунсо болот.
14.03.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурулардан комиссия тузуп. Ууруларды тапкыла дептирда. Башка кандай тушунсок болот.
14.03.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки жылга келген го өзү нан кетет да болбой калды деп анан башкасы келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: