super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Алмазбек Эргешов, депутат: "Сапатсыз жол курган компанияларды жазага тартуу зарыл"

 

Бишкекте жалпы 1300 чакырым жол болсо, анын 700 чакырымдан ашыгы, 58 пайызы оӊдоого муктаж. Бул тууралуу 15-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында депутат Алмазбек Эргешов айтып, жолдордун сапаты талапка жооп бербей жатканын билдирди.

"Былтыр эле курулган жолдор быйыл кайра оӊдоого муктаж. Мисалы, Донецский, Күрөӊкеев өӊдүү көчөлөр 1 жыл мурда жаӊыланган, бүгүн талкаланып жатат. Жол - стратегиялык маанидеги иш, элдин жашоосу түздөн-түз жолдорго байланыштуу. Өкмөт Бишкектеги бардык жолдорду бир сыйра текшерүүдөн өткөрүшү керек. Сапатсыз жолдорду кимдер куруп, аларды кимдер кабыл алууда? Тендерден утуп алып, сапатсыз жол курган компанияларга кандай чара көрүлүүдө? Аларды "кара тизмеге" киргизип жатышабы? Жолдорду сапатсыз курган компанияларга кылмыш ишин ачып, катуу чара көрүү керек", - деди Эргешов.

Айта кетсек, 2017-жылы Бишкек шаарында 49 көчө жаӊыланган. 2018-жылы шаарда жалпы 100дөн ашык көчөнү оӊдоо пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2018. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдан туура, сапатсыз жол курган компанияны, сапатсыз буткон ишке кол коюп откоруп алгандарды, баарын кошуп айып салып жазага тартуу керек, антпесе казынадан каражат кетип атат, иштен натыйжа жок, жаны салынган жолдор четинен кайра ондоого муктаж болуп атат.
15.03.2018. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми ойгондунбу, кочого жаны чыккандай болуп, давно камаш керек болчу куноолуулорду ошол асфальттын астына тошоп жибериш керек.
15.03.2018. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bond02, Жоок туганым аларды асфальттын астына төшөгөнгө болбойт. Себеби алар өтө семиз оор машина жүргөн жолго болбойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: