Ошто адашып кеткен 3 жаштагы баланын ата-энеси табылды
Ош шаарында адашып кеткен 3 жаштагы баланын ата-энеси табылды. Бул туурасында Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3 жаштагы баланын аты-жөнү Мухаммадюсуф Насыров 2015-жылы туулган. Ал 21-март күнү үйүнүн короосуна ойногону чыгып адашып кеткен.
"Мындан улам милиция кызматкерлери тарабынан ата-энеси изделип, анын апасы табылган. Бардык териштирүү иштери болгон соң 3 жаштагы бала ата-энесине өткөрүлүп берилди", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Эске салсак, 21-мартта эртең менен Ош шаарынын Калинин көчөсүндөгү эски тетиктер сатылган базардын жанынан кичинекей бала адашып кетип, жалгыз жүргөн жеринен табылган. Анын ата-энесин издөө аракеттери жүрүп жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















