super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Ош шаарындагы "Мээрим" паркындагы дааратканын абалы 2-апрелге чейин оңдолот" дейт мэриянын кызматкери

 

Ош шаарындагы "Мээрим" паркындагы дааратканын өтө начар абалы 10 күндүн ичинде, тактап айтканда, 2-апрелде оңдоодон толугу менен өткөрүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 23-мартта Ош шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык менчик башкармалыгынын Жер тилкелерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Суюнбек Мамазаиров билдирди.

Анын айтуусуна караганда, аталган эс алуу жайы учурда жеке ишкерге ижарага берилген.

"2015-жылдын 7-октябрында атайын комиссия конкурстук негизде Ош шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгашкан "Мээрим" эс алуу паркы жеке ишкер Үлфат Досбаевага 5 жылдык мөөнөткө ижарага берилген. Парктын жалпы аянты 36 миң 900 чарчы метр. Ижара келишиминде жер тилкенин аймагындагы дарактарга, андагы курулуштарга жоопкерчилик жеке ишкерге милдеттендирилген. Ажаткананын абалы менен таанышып чыктым, жеке ишкердин кызматкерине эскертүү берип келдим. Эгерде 10 күндүн ичинде ажаткананын абалы оңдолбосо, түзүлгөн келишим жокко чыгарылат", - дейт жетекчи.

Айта кетсек, буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына WhatsApp аркылуу: "Мен 2 жума мурда келгенде ушундай болчу, бүгүн майрам алдында келсек да ошол абал, жытына адам чыдагыс. Бул жерде башка даараткана жок, элге абдан ыңгайсыз. Паркка кирүү үчүн акы алынып жаткандан кийин ажаткананын да абалын караш керек. Паркты иштеткендер эс алуучулар булгап жатат деши мүмкүн, бирок убагында тазаланып, көңүл бурулса мынчалык жаман көрүнүшкө келмек эмес. Көптөн бери тазаланбай жатканы көрүнүп эле турат",- деп окурман билдирген.

Ошондой эле жетекчи 2-апрелде тазаланган даараткананын сүрөт аркылуу отчётун жиберерин убадалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.03.2018. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул туалет адашпасам 2жыл мурда дагын чыккан болсо керек эле.
23.03.2018. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almanbetperm,жакшы анда ушинтип тазалатып турабызда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: