super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Депутат: "Кыргыз мамлекети суу ресурстарынын болгону 10 пайызын пайдаланат"

 

Кыргыз мамлекетинде суу ресурстарынын 10 пайызы гана пайдаланылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев бүгүн, 23-мартта журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.

Депутат учурда суу ресурстарын пайдалануу үчүн кичи ГЭСтерди куруу боюнча мыйзам долбоору иштелип жатканын айтты.

"Бул мыйзам биринчи окууда 2017-жылы кабыл алынган. Азыр жарым жылдан ашык убакыт болду, мыйзам экинчи окууда кармалып турат. Кыргыз мамлекетинде суунун потенциалы абдан жакшы. Бирок биз анын 10 пайызын гана пайдаланабыз. Суунун бир куб метри - бул 1 киловатт саат электр энергиясы. Казакстан өткөн жылы кичи ГЭСтерин өнүктүрүүгө 2 миллиард доллардын тегерегинде каражат салды. Бизде энергетиктер менен бизнесмендер мүмкүнчүлүк сурап жатат. Бирок бизде аны жөнгө сала турган мыйзам базасы толук эмес. 2019-жылдан тартып ЕАЭБ алкагында бирдиктүү энергетикалык базар түзүлөт. Ошондо бизге Орусияга жакшы баада электр энергиясын экспорттоого шарт жаралат", - деди Байпакбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
23.03.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура демилге которуптурсуз депутат мырза, байлыгыбыз суубуз менен агып кетип атат суу сактагычтардагы суубузду чон чон насостор менен суу жетпеген талааларыбызга жашыл бакча кылсак. Ошол суу менен сугарылган жер жемиштерибизди кайра казакстандан сатып алып жатабыз.
23.03.2018. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сууну казактар менен озбектерге коркпой эле сатыш керек.
23.03.2018. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алар бизге коркпой эле сатып атышпайбы концерваланган товар кылып (бадыран помидор ж б товар турундо) суубуз минтип ага бербейт эртереек ойгонсок суубуз агып атканда жашылча бак дарак тигип байып жумуш орундарын камсыз кылсак байыйбызда.
23.03.2018. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казакстандын чол татаасы жашыл бакча болуп калганда биз чол болуп калабыз эртереек суу каналдарды насостук станцияларды курсак эрте ойлонсок биздин аткаминерлерге сунуш кылат элем. сууларыбызды суу жетпеген жерлерибизге жеткизип бакча остуруп ошол жемиштерибизди кайра иштеткен завод фабрикаларыбызды ачсак жумуш орундары пайда болуп чет жердеп кетпейт элек эртереек ойлонсок.
23.03.2018. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чуй суусунун нугун ысыкколго кошуш керек суу бери жылып атат деген шылтоо менен рахматы жок казак бир туугандарыбыз чек арасын бери жылдырып эле келе жатат. бул акмакчылык.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: