super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Равшан Жээнбеков: "Саясий партиялардын сырттан акча алууга укугу жок, алган болсо кылмыш иши деп эсептелет"

 

"Саясий партиялар мыйзам боюнча сырттан акча алууга укугу жок, алган болсо кылмыш иши деп эсептелет", - деп бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына экс-депутат Равшан Жээнбеков билдирди.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков КСДП партиясынын Кытайдан 1 миллион сом алганын кылмыш иши деп баалап, өз билемдик менен мыйзам талаптарын аткарбай жатат деп эсептейт.

"Саясий партиялар жөнүндө атайын мыйзам бар, ошол жерде саясий партиялар сырттан акча алууга болбойт деп көрсөтүлгөн. Бул бир эле биздин өлкөдө эмес дүйнөлүк практикада ушундай каралган. Бул мыйзамсыз акча алуу катарында каралышы мүмкүн, кандай мыйзам бузуу экенин ийне-жибине чейин тийиштүү органдар иликтейт. Бирок жалпысынан кылмыш иши болуп саналат. Булар "ээн эркинбиз, баарын өзүбүз билебиз, каалагандай жасай беребиз" деп жатышат. А мыйзамда бул аракеттер кылмыш иши экени көрсөтүлүп турат.

Жалпысынан бул жерде түрмөгө алып бара турган кылмыш иши болуп жатат. Бул акчаны алган, кол койгон киши, партиянын лидери бар, ошолор жоопкерчиликтүү болуп эсептелет. Партиянын лидери, балким, "мен билбейм" дей турган болсо, анда ал моралдык жоопкерчилик менен кызматынан кетиши керек. Ал эми акчаны алган, кол койгон, кассага киргизген адам кылмыш жоопкерчилигине тартылат", - дейт Жээнбеков.

Айта кетсек, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Кытайдын Коммунисттик партиясы КСДПга жардам иретинде 1 миллион сомдун тегерегинде каражат бөлгөнүн айткан.

КСДПнын саясий кеңешинин төрага орун басары Фарид Ниязов Кытай Коммунисттик партиясынын жардамын КСДП эмес, Жогорку Кеңештин аппараты алганын айтса, Жогорку Кеңеш Кытайдын Коммунисттик партиясынан миллион сомдук жардам албаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
23.03.2018. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бироо ашы менен кыйын, бироо башы менен кыйын, бироо оозу менен кыйын, бироо иши менен кыйын.
23.03.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олоор эчки 120 кою бар койчунун таягына суйконот.
23.03.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны сырттан ала беришет булар толоорго келгенде байагеле карапайым калкты куноолойт.алган акчасына жарытылуу бирдеме кылышпайт
24.03.2018. 05:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКШнын агентин ким камайт?
25.03.2018. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны тегиз болуштуро албай калышканго...Жетпей калгандары,жегендердин тамагын тырмалап. Тешип чыксын элдин керегине жарай турган акчаны жесенер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: