super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Президент: "Марттагы революциянын сабактары бизди бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп эскертип турат"

 

Бүгүн, 24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын 13 жылдыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

"2005-жылдын 24-мартындагы элдик революция эгемендүү Кыргыз мамлекетинин соңку тарыхында өзгөчө орунду ээлейт. Ушул күнү кыргыз эли адилетсиздикке, мыйзамсыздыкка жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы көтөрүлгөн. Кылымдарды карыткан кыргыз эли майтарылбас кайратын, эркиндикти жана адилеттикти баарынан бийик тута турганын дагы бир ирет далилдеген.

Тилекке каршы, элибиздин калыс бийликти, адилет башкарууну орнотобуз деген ошондогу үмүтү акталбай, элдик революция максатына жетпей калды. Элдин кызыкчылыгы тебеленип, мурдагыдан да катаал үй-бүлөлүк режим орноп, мамлекеттин байлыгы тонолду. Баш көтөргөндөр куугунтукталып, бийлик айрымдарын өлтүргөндөн кайра тартпады. Марттагы элдик революция элдин келечегин көздөгөн асыл максаттар дайыма коргоого муктаж экенин далилдеди.

Эгемендүү мамлекетибиздин соңку тарыхындагы алгачкы элдик революцияны биз эч качан эстен чыгарууга акыбыз жок. 2002-жылдагы Аксы окуяларынан, 2005-жылдагы март элдик революциясынан сабак алууга милдеттүүбүз. Элдин эрки, Апрель революциясынын шарапаты менен бизге экинчи ирет тарыхый мүмкүнчүлүк берилди.

Ата-бабаларыбыз кыялданган, жаркын келечек үчүн курман болгон мекендештерибиз эңсеген коомду адилеттүү, адам укугун урматтаган, эркин жана өнүккөн Кыргыз өлкөсүн куруу милдети биздин моюнубузда. Элдин ишенимине ээ болгондо гана бийлик күчтүү болот.

Марттагы элдик революциянын сабактары бизди мына ушул бийик максатка багыттап, туура жолдон тайбагыла деп ар дайым эскертип турат", - деп айтылат кайрылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(29)
24.03.2018. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
андан бери эчнерсени кыйратпадынар баарын сатып жок кылтасынар ар бийлик кулаган да бир адамдын кызыкчылыгы учун адамдар олуп атат
24.03.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nazarKGZ,Ушул жолу жанылган жокпуз. Көрөсүң, дагы бир аз убакыттан кийин чечкиндүү реформалар башталат. 2005-2010-жылдагы революциянын максаттары ишке аша баштайт. Азыр президентке коррупционерлер бут тосууда. Чогулуп туруп ажобузга колдоо көрсөтсөк биз күткүн күн да алыс эмес.
24.03.2018. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Bazake, ашанын түбү кыргызстанды жакшылыкка алып барбайт. Ал үчүн соке ашаны жок кылышы керек!!!
24.03.2018. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Adiletia, оңой эле сүйлөп коюпсунго.
24.03.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dalil, ашага кылмыш ишин козгоп койсо эле болду, аша түрмөдө чирийт. Оңой эле ал 50 миллион рубль грант менен деле жок кылса болот
24.03.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Bazake,ашанын гана буйругу башкаруусу болуп жатат! Ашаны жок кылып жүктүн ээсин тапса ошондо эл ишенишет!Андай болбой калдыго! Аша атайын буну шайлады башка ажо болсо эртең кыңыр ишимди ачпасын жүктүн ээсин издебесин деп.
24.03.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bazake, жомок айтпачы.....
24.03.2018. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эки дөө урушса ортосунда кара чымын кырылат деп бекеринен айтылбайт кыргызда. Биздин айыбыздан ушулар курман болду деп бир да бийликке келгендер айтпады. Жалаң күнөөнү мурдакы бийликке оодарышат. Элдик бийликти орноттук деген шылтоо менен өздөрүнүн бийлигин орнотуп жатышат. Бийлик алмашты бирок, элдин абалы оңолбоду. Эл өзүн чет элден иштеп жашоосун оңдоп жатат. Бийлик эч кандай шарт түзүп берген жок. Ар бир шайлоодо биринчи жолу таза шайлоо өттү деп айтышат. Угуп отуруп уяласын.
24.03.2018. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Dalil,Шайлоо таза өтүп элитбиз Жээнбековго добуш берди. Аны эч ким тана албайт. Бирок, эми шайланган президентти коррупционерлер иштетпей жатат. Жакында буларды Сокебиз ордуна коет ошондо коросун иштегенди.
24.03.2018. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bazake, шайлоо таза болду дегенге толук кошула албайм. Жер жерлерде Сокеге добуш бергиле деп акча тараткандар болду. Анын баарын Жээнбеков таратты дегенден алысмын. Бийлик алмашкан сайын өзүнүн командасын ишке алып келип отуруп, ошол облустук, райондук мекеме-ишканаларынын жетекчилери креслосун алдырбоо үчүн ушундай иштерге барып жатат. Жээнбековдон үмүт чоң. Жакшы иштеп өнүгөбүз деп үмүт кылам.
Dalil түзөттү 2018-03-24 10:39:33
24.03.2018. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Dalil,Буйруса тилектер орундалат. Болгону уурулардан арылыш учун бир аз убакыт керек. Сен айтып жаткан акча тараткандар догурунуп, кайра эле уурулук кылам деп бут тосуп жатат. Алардын башчысы ким экенин билсен керек. Убакыт отуп баарын ордуна коет Кудай буйруса
24.03.2018. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Dalil, анан эмне жээнбеков үчүн бабанов таратты дегени турасыңбы? алыс болсоң.
24.03.2018. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adiletia, аймактык администрацияда иштеген кошоматчылардын иши. Себеби алар баланча добуш алып бердим деп жагынам деп, добуш үчүн акча таратуудан да кайра тартышпайт.
24.03.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Bazake, дабдирабачы кайдагы таза? жээнбековду шайлабасаңар жумуштан айдаласыңар дегенде айласыздан шайлагандарды эмне дейсиң? 1000 сом алдым мен жээнбековдун адамдарынан
24.03.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Bazake,Анда эмне ашанын көзү ачык беле алдын ала Соке досум ажо болуп калат окшойт деп өзү агитация кылып жүрдүго?! Өкмөттө иштегендер студенттерди баарын коркутуп үркүтүп шайлаттырды. Ушул силерге таза шайлообу?!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-24 12:17:44
24.03.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bazake,Мен иштейин десем мени төрт жыл иштетишпеди эки жыл эле иштедим деп аша айткан сөздү жаттап алыпңда! Биротоло эле Акаев Бакиев деп кошуп жазып койбопсун!
24.03.2018. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Bazake, Калптын казаны кайнабайт деген кеп бар... Кичине Кудайдан коркуп жургулочу калп айтаарда...

Кайдагы таза шайлоо?!! Маскарачылык болду го шайлоо эмес эле.... Гос.службада иштеп, мамлекеттен маяна алган 300 000 шайлоочуну бийлик зордоп, коркутуп-уркутуп жатып Сокенди шайлаттырды го....

Тышта жургон бир миллион шайлоочунун жарандык укуктары одоно бузулуп шайлоого катыштырылбашы озунчо чон тема...

24.03.2018. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
24 мартагы революция чыныгы элдик революция б-н.24 мартагы революцияга чыккан эл эч жертвасы жок эле ак уйду басып алышкан.Ал эми 7 апрельде элдер мас абалында куралчан ак уйду басып алышкан ошонун кесепетинде 100го жакын адам курман болгон.2010 жылдан бери Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд$ ашты.Мигрантардын саны миллиондон ашты.Азык тулукко болгон баа эки эсеге кымбаттады.Бийлик бир партияга(КСДП) баш ийип калган.
KGstan1981 түзөттү 2018-03-24 10:30:16
24.03.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
KGstan1981,Революцияны ал кылды бул кылды дешти жок адамга төнкөштү! А бирок өзү айтты го эки революцияны мен кылгам деп эми үзүрүн көрүп жатат!
24.03.2018. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
KGstan1981,кудай силерге ыйман берсин франсуздар.неге мынча ушакчы калк келесинер калпты чындай суйлогон.майдачыл эркегинер катындардай интернетте ушакташкандан башканы билесинерби силер озу.уялбай дагы бакиевди актаганда куйосун да.оо кудай франсуздарга озун акыл.мээ бере кор.оомийн
24.03.2018. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Arsenal93.,Мен болгону фактка таянып суйлоп жатам.Айтчы 24 мартагы революцияда бир адам болсо дагын курман болгонбу жоок.24 мартагы революцияга чыккан эл мас абалында колдорунда курал кармаганын кордунбу жок.Анан Бакиевти актаганы жатасын дейсин.Бакиев ишин жакшы албарып жатты эле.Бир гана озунун уйбулосун бир туугандары жана Максимди саясатка бийликке алып келгени чон каата болду.Анан мен француз эмесмин меним Ата Энем нукура кыргыздар демек мен дагын нукура кыргыз болом.
24.03.2018. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
KGstan1981,Акаев,бакиевдей баш кесер болгон эмес ошон учун 24 мартта эч ким жабыр тарткан эмес.Бакиев ак уйду автомат менен коргойм деген айткан созун аткарды.
24.03.2018. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsenal93., просто эл чыккан жок, чыкса аша катуу приказ бермек атмактыгүл жардырмак. Эл чыккан жок тажап калышты
24.03.2018. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsenal93.,Мага Бакиев Акаев баарибир күнөөлүү болсо Жараткандын алдында жооп беришет!Мактаган ашаң эмне кылып жыргатты? Экөөбүнөн айырмасы болбоду! Бакиев светти кымбат кылды дешти. Азыр эмне свет арзанбы? Эртең дагы тарифтер көтөрүшөт! Алты жылда миграция күчөп суудай ага баштады чет жерге!
Azatbek83 түзөттү 2018-03-24 14:03:08
24.03.2018. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Эскертип турат"- оа,эскертип турат баарын ошол кун башынарга тушкончо жутуп,жеп алалы деп эстеп турасынар
24.03.2018. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жээенбеков 7 апрель жонундода айтса болмок экен.Бийлик учун жеке кызыкчылыктар учун мамлекет миллиардаган зыянга учурады, эптеп элге жагыныш учун ото кооптуу шарттагы кредиттерди алабердик,пенсиялардыда кредиттин эсебинен берип калдык, мекенибиз эмне болсо болсун, коробузда ага чейин журоберели деп.
24.03.2018. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Майрам күндөрдө кооз сүйлөп отура берсек беш жыл алты ай тез эле өтүп кетет андан көрө иш менен көрсөтүш керек убакыт күтбөйт
24.03.2018. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул аша досу экөөбү жомок эле жазса жарашмак. Айткандары жазуу түрүндө калатко детсада эжейлер булардын жомогун балдарга окуп берип турмак! Досу кыйратпаган бул жыргатабы! Чык эшикке!
24.03.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бакиев жакшы эле мин эсе буларга караганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: