"Жогорку окуу жайында кафедра башчысы кабинетте майрамдаганын видеого тартканым үчүн анын аспиранты мени сабап салды" дейт мугалим
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин мугалими кафедра башчысынын отурум өткөрүүнүн ордуна, аспиранты менен кабинетте майрамдап отурганын видеого тартып алганын айтты. Бирок окутуучу атын атоодон баш тартты.
Мугалим SUPER.KG порталына билдиргендей, аспирант анын телефонун сындырган. Жыйынтыгында окутуучунун колунун эти үзүлүп, мээси чайкалган.
"Экономикадагы маалыматтар технологиясы кафедрасынын башчысынын иштеп жатканына бир жылдай убакыт болду. Ал келгенден бери эле ар кандай сөздөр менен мени басынтып, кемсинтип келет. Байкашымча, менин ордум аспиранттарына керек болуп жатат. Бул жерде иштегениме 14 жыл болду. 2 балам менен окуу жайдын жатаканасында жашайм. Азыркы кафедра башчысы келгенге чейин улук окутуучу болчумун, азыр жөн гана окутуучумун.
23-мартта отурум болмок, мугалимдер кафедрада күтүп отурсак кафедра башчысы улук окутуучу болуп иштеп жаткан аспиранты менен кабинетинде майрамдап, спирт ичимдигин ичип отурду. Мен анын бул кылыгын туура эмес көрдүм. Окуу жайда спирт ичимдигин ичүүгө тыюу салынган ректордун көрсөтмөсү бар. Деканды чакырттым, эшикти ачышпагандыктан күзөтчүлөрдү чакырттык. Алардын мас абалын видеого тартып алгам. Коридордо турсам аспиранты келип, башымды тамга ургулап, "видеону өчүр" деп колумду толгоп, телефонумду сындырып салды. Ошондо айла жок укук коргоо органына телефон чалдым. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна арыз менен кайрылдым. Ооруканага көрүнсөм, дарыгерлер колуңдун эти үзүлгөн деп гипстешти. Мээм да чайкалыптыр, ооруканага жатышың керек деп жатышат.
Кафедра башчысы бир гана мага эмес, башка мугалимдерге да ушундай мамиле кылат. Бизди прокуратурадагы, өкмөттөгү тааныштары менен коркутат", - дейт окутуучу.
Аспирант менен байланышсак, "26-мартта жооп берем" деген пикирин билдирди. Ал эми кафедра башчысынын телефонуна жооп берген жаран ал азырынча байланышка чыкпай турганын айтты.
2

Супер-Инфо
super.kg видео

















Ичиш керек, эс алыш керек. Бирок чеги менен анан шпиондордон алыс болуу зарыл.
Ичеби ичпейби ар ким озунун иши. Ичкиле чардагыла жыргагыла эс алгыла эч кимден коркпогула. Эн башкысы ар кимдин кочугуно мурдунарды тыкпагыла. Эчкилердей болбой. Азыр адамдарды ушак эле башкарып калды окшойт. .
Чу дегенде эле универдин ректору видеого тарткан стукачты жок кылыш керек. Мындай стукачтар бир куну ректордун озун чычып жаткан жерин видеого тартып таркатып жиберет. Анан биздин ушакчыларга жакшы жумуш табылат ушак суйлоп.
кимдин гана кыжыры кайнабасын. туура кылат. эл билсин да кимдин ким экенин.
Озоктон чыккан орт жаман, озундон чыккан жат жаман. Азыр бир козун бир козуно душман. Сени да досун ушинтип каратып туруп сатып кетет видеого тартып дегендей.
Ушуларды колдогондорду, ошол "маданиятсыздарга" теноодон башка айла жок... Уят эле, аларга дагы, аларды колдогондорго дагы...
Баса, жеке жашоо деп алардын кочодогу, уйдогу жашоосун айтат. Университет жумуш орду, менчик уйу эмес!!!