super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Измирдеги мейманкананын 5-кабатынан кулаган кыздын апасы: "Кызым белинен ылдый кыймылдабайт. Азыр тамак жеп, сүйлөп калды"

 

8-март күнү Түркиянын Измир шаарындагы мейманканада өрт чыгып, андагы кыздар балкон аркылуу башка бөлмөгө өтүүгө аракет кылып, бирок жерге кулап кетишкен. 5-кабаттан кулап кеткендердин бири М.Ж. аттуу Кыргыз кызынын омурткасы сынып, ага операция жасалган. Учурда апасы Бактыгүл Макамбаева Түркиядагы ооруканада кызын карап жатат. Ал кызы белинен ылдый кыймылдай электигин, бирок тамак жеп, сүйлөп калганын SUPER.KG порталына билдирди.

"Кызым тамак жеп, сүйлөп калды. Белинен ылдый кыймылдабайт. Белинен 2 жолу операция болду. 26-мартта башка ооруканага которушат, ал жактан ток менен дарылап жана массаж кылышат экен.

Мен Түркияга 15-мартта келдим. Кызым үй-бүлөдөгү жалгыз бала. Айрымдар сойку болуп иштечү экен деп жатышат. Түркияга кеткендин баары сойку эмес да. Менин кызым эч нерсеге жетише элек болчу. 18-декабрда келген, бир жерге пол жууганы жумушка кирсе ал жердин кожоюндары жакпай чыгып кетиптир. Анан Беларус кызы Инна экөө өрт чыккан "Алижан" деген мейманканасына жайгашып, убактылуу жашап, башка жумуш караштырып жатышыптыр. Уктап жатышканда өрт чыгып, секиргенге аргасыз болушуптур.

Кызым сойку болсо мейманкананын ээлери, "кызың өзү жаман деп" алдыма келип коюшмак эмес. Алар келип, акыбалын сурап, башка оорукана караштырып жатышат. Дарылоого кеткен каражатын Түркия мамлекети төлөп жатат.

Мейманкананы сотко берүү боюнча юристтер менен кеңешсем, "кызыңыздын ден соолугун ойлоңуз, басып алсынчы анан карайбыз" деп жатышат. Түркияга жол кирени араң таап келдим. Кызымды Кыргыз мамлекетине алып кетип дарылатканга каражат жагы жетишсиз болуп жатат. Кыргыз элинен жардам сурайт элем", - дейт кыздын апасы.

Белгилей кетсек, кырсык 8-март күнү "Алижан" деген мейманканада болгонун түркиялык басылмалар жазып чыгышкан. "Өрт чыккан маалда кыздардын бири балкон аркылуу коңшу имаратка өтүүгө аракет кылган. Бирок колу тайып, 5-кабаттан кулап түшкөн. 506-бөлмөдөн чыккан өрт башка бөлмөлөргө тез жайылып кеткен. Өрттүн негизги себеби катары телефон жарылып кетип, бөлмөдөгү пардалар, төшөктөр, пластик терезелер күйүп, тез эле алоолонуп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Учурда мейманкананын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
25.03.2018. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эне да байкуш,карга да баласын аппагым дейт экен.
Эми кандай болгон кундо да айыгып кетсин мекендешибиз.
Эч бир энени балам деп сыздатпасын!Мейманканада жатып,иш издешсе акчасы коп кыз окшойт.
Дегеним,менда мигрантмын,эн арзан суточный квартиралар 1500р турат.
Озу пол жууп иштегени барса мейманканада эмне бар деймда.
25.03.2018. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
madina.87, сиз туура эмес суйлоп атасыз. Измирде кыргыздар аз ал жер курортный жер болгону учун квартирага чыга алышпайт. Жаны келген кыргыздын баары тааныш билиш дос тапкычакты гостиницада жатышат
26.03.2018. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Lekarstvosvoegomuja,откондо башкача жазып аткансын. Гостиница да жон журббогон деп)))
25.03.2018. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
madina.87, Эми ар Ким ОЗУ каалаган жагынан снимать этет да квартираны. Гостиница болсо эле жаман ойлош керек эмес го... Кудай денсоолук берип аман эсен айыгып келсин деп тилейлик... Калганын кудай ОЗУ таразаласын.
25.03.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
madina.87,Туура айтасын каргада баласын апагым дейт дегендей булда кызын апак кылып алганго Дагы Кыргыз элимден жардам сурайм деп койот кызын кимдин астыларында жатып жургон болсо ошонон жардам сурагылачы береер бекен Сойкулук мн алектенип башынар кокго жетсе да айланып айланып эле ушул Кыргыздын жерине келесинер олуу же тируу келсенерда тируу
25.03.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
00AbibhanovMunarbek0045, билген жанында кошо жургондой суйлойсуз го.... Кудай алдында жон жерден куноокор болбосонорчу...
25.03.2018. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сабырбек Жумабеков агабызга алып келип корсотуш керек ошо байкебиз бастырат. Дуйнодогу 3 травматологтун бири Сабырбек Жумабеков.
25.03.2018. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздардын тентип журушуно окмотубуз куноолу.
25.03.2018. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Дубайда элине акча толойт.Бизге толобойле койсун,жумуш ордун ачып берсин ушинтип тентибейт эле кыргызым
25.03.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эххх эжеке жааалгыз кыз болсо ,анчалык кыз баланы алыска жонотпой жанынызда эле ала журбойсузбу ......
25.03.2018. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Турктор жардам берип жатат дейт кайра элден жардам сураганы эмнеси гостиница кымбат ал жака баргандар сут кв чыгышат негизи.
25.03.2018. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турция толоп жатса, ошол жактан дарылатып келгени жакшы го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: