Боом капчыгайында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна таш түштү
Боом капчыгайы аркылуу өткөн Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолуна таш түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Кечээ, 27-мартта саат 21:00дөр чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Боом капчыгайы аркылуу өткөн бөлүгүндөгү 131-чакырымында тоодон 15 метр куб көлөмүндөгү таш түшкөн. Бирок унаа жол жабылган эмес, жабыркагандар жок. Ал жерге 2 техника 4 кызматкер тартылып, саат 22:30дар чамасында түшкөн таштар тазаланып бүткөн", - деп басма сөз кызматынан билдиришти.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:26
2025-11-21
19:04
2025-11-21
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















