super.kg logo

Соода согушу: Кытай АКШга жооп кайтарды

 

Кытай АКШдан импорттолуп келе турган товарлардын 128 түрүнө жогорулатылган бажы төлөмүн киргизди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, кабыл алынган чечим тууралуу Кытайдын каржы министрлиги билдирген. Кытай бул жол менен АКШнын чечиминен кийин болгон экономикалык жоготуулардын ордун толтурмакчы. Анткени буга чейин Дональд Трамп Кытайдан АКШга экспорттолуп барган металл продуктуларына бажы төлөмдөрүн киргизген.

АКШдан Кытайга келген 120дан ашуун товарларга, анын ичинен жашылча, жаңгак, вино үчүн 15 пайыздык бажы төлөмү кирет. Ал эми эт жана эт азыктарына 25 пайыз төлөм кошулду.

Белгилей кетсек, 23-мартта АКШ президенти Дональд Трамп Кытайга каршы чектөөлөрдү киргизген жарлыкка кол койгон. Анын ичинде Кытайдан келүүчү 60 миллиард долларлык көлөмдөгү бардык товарларга жана Кытай инвестицияларына бажы төлөмдөрүн киргизген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
02.04.2018. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытай моладецкезин!!
02.04.2018. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бирин олуп бирин кал, чын журоктон баары бир.
02.04.2018. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кытай деген Америкага жооп берет ал бизге окшогон кун карама эмес
Керек болсо жакында кытай валютасы дуйнолук акча жугуртууго аракет кылып атат кытай юаны дуйнолук лидерге айланышка аз калды
02.04.2018. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайга эч нерсе экспорттобой койсунда анан корушот
02.04.2018. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кытайлар оздору окшоштуруп чыгарып алат анда
02.04.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өзбек президенти коңшулар менен мамилени оңдоп койду. Мамлекетин 10-15 жылда көтөрүп кетет.

Тажик президенти проценти жок кредит бере баштады, өрүк зар кылгыла деп. 10-15 жылда Россиянын базарын алып коебуз деген план менен.

Кыргыз президенти азырынча тыптынч. Эски президент эс албай, кайра саясатка келем деп президентке асыла баштады.
03.04.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rifle_I,туура
03.04.2018. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыз президенттери экспорттолот. Акыркысында бир аз дефект болуп атат. Куто туралы.
02.04.2018. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде айтылат иш жүзүндө аткарылбайт,жеп жутарлар жок болмойюунча өнүкпөйбүз...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: