super.kg logo

Дене мүчөлөрү алтындан да кымбат турган альбинос адамдар

 

Чет элдик сүрөтчү Эрик Ляфорг танзаниялык альбинос балдардын аянычтуу тагдырын сүрөткө тартып коомчулукка жарыялаган.

Ляфоргдун сүрөттөрүндө жергиликтүү жашоочулар тарабынан кордук көрүп денесинин кайсы бир мүчөсүнөн айрылган балдар чагылдырылган. Танзания өлкөсүндө жашаган көзү ачык, элдик дарыгерлердин ишеними боюнча альбиностордун дене мүчөсүнөн же болбосо терисинин кесиминен жасалган дарылар ооруларды айыктырып, ийгилик алып келет.

Сүрөтчү "Under the Same Sun" кайрымдуулук фонду ачкан атайын үйгө барган. Ал жакта альбинос балдар 24 саат бою атайын дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ошондой эле балдар шаарга сейилдөөгө күзөт кызматынын коштоосунда чыгышат.

"Танзанияда альбиностордун дене мүчөсү алтындан да кымбат турат. Алардын дене мүчөлөрүн атайын дарыларды, ар кандай суусундуктарды жана ийгилик алып келчү тумарларды жасоого колдонушат", - деп Ляфорг билдирген.

2000-жылдан тартып өлкөдө 100дөн ашуун альбиностор киши колдуу болуп каза болгон. Бийлик өкүлдөрү бул окуялар мамлекеттин беделин түшүрө турган, акылга сыйбаган окуялар экенин айтып чыккан. Альбиностордун дене мүчөсү 500 доллардан 75 миң долларга чейин турат. Ал эми өлкөдөгү орточо айлыктын баасы 40 доллар.

Сүрөтчү балдар менен маектешип алар тууралуу маалыматтарды алган. 14-жаштагы Эммануэль Фестого кол салуу болгон. Анын бир колун чыканагынан ылдый кесип кетишкен. Мындан сырткары, анын тили жана 4 тиши жабыр тарткан. Буга карабастан Эммануэль сүрөт тартканды жакшы көрөт жана келечекте элге кызмат кылган өлкө башчысы болгусу келет.

Ал эми 6 жаштагы Барак Космастын окуясы көпчүлүктү таң калтырткан. Анын колун кесип кетти деген шек менен 17 адам кармалган. Кармалган адамдардын ичинде анын атасы жана улуу байкеси болгон. Алар Барактын колун кесип 5 миң долларга сатып жиберишкен.

Кулва Лусана 17 жашта. 2001-жылы колунан ажыраган. "Кылмышкерлер колумду кесип жатканда корконуман ооруганын сезген эмесмин, бирок алар кеткенден кийин колум ооруганынан улам каттуу кыйкырганым эсимде", - деп билдирген Лусана.

Азыркы тапта альбиностор кайрымдуулук фондунун кызматкерлери тарабынан коргоого алынган. Алар атайын ачылган үйдө билим алып, көңүл ачып күн өткөрүшөт.

Альбинизм латындын "албус" - "ак" деген сөзүнөн алынган. Альбиностор – планетадагы сейрек кездешүүчү адамдар. Тактап айтканда, альбиностор – териси, чачы, каш-кирпиктери аппак болуп төрөлгөндөр. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, ткандарга өң берүүчү меланинди иштеп чыгаруучу тирозин затынын толук же жарым-жартылай жок болушу альбинизмге алып келет. Негизинен адистер альбинизм тукум кууйт деп айтышат.
Дүйнөдө альбинизм менен жабыркаган адамдар коомчулук тарабынан көптөгөн басмырлоого туш болушат. Коомчулуктун түшүнбөө менен мамиле жасагандыгы альбиносторду коомдон өздөрүн алыстатууга алып келет. БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган резолюцияга ылайык, 13-июнь - Альбинизм тууралуу маалыматтарды таратуунун эл аралык күнү катары белгиленип келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
03.04.2018. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Шумдугун кургур, жакамды кармадым.
03.04.2018. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу ХХХХ ХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-04-03 15:09:41
03.04.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nurgaz, провокация жараткан билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган!
03.04.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдугун кургур, ушундайда болот бекен
03.04.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аллахка шугур кылайлы 4 мучобуз соо акыл эсибиз жайында чексиз шугур Аллахым
03.04.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кудай сакта
Колун кесип кеткени жаман го
Акча учун эмнелерди гана жасабайт э
Кылмышкерин тушкур
03.04.2018. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоббоо кылдым. ушундайда болот экенда а айланайын.
03.04.2018. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Не дешти да билбейсин го,тирүү басып жүргөн адамдын колун кесип кетишсе .....астагфируллоооо.Байкуштардын ар бир кадамы коркунучта болот турбайбы.
03.04.2018. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактаа,кандай гана шумдуктар бар э дуйнодо.
03.04.2018. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суусундуктарга да кошулат дейби тообо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: