УКМКнын 9-бөлүмүнүн башчысы Дамир Мусакеев кызматтан бошотулду
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-бөлүмүнүн башчысы Дамир Мусакеев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Мусакеев берген арызынын негизинде кызматтан бошотулган. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эске салсак, Дамир Мусакеев КСДПнын курултайында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жанында жүргөн сүрөт интернетте талкуу жараткан.
Мусакеев аталган кызматка 2016-жылы 1-июнда дайындалган. Ал Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы экени белгилүү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
1
1

Супер-Инфо
super.kg видео
















Кыргызстанга ашаны укпаган нормальный президент керек
соке былыгын чукуш керек эле