super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

"Мегакомду" баалоочуларга канча каражат төлөнө турганы аныкталды

 

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Мегакомду" баалоочуларга канча каражат төлөнө турганын аныктады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы кабарлады.

"Альфа Телеком" компаниясынын баасын аныктоо боюнча тендер жарыяланган. "Мегакомдун" баасын аныктаган баалоочуларга 3 миллион 800 миң сом төлөнөт. Билдирмелер 26-апрелге чейин кабыл алынат.

Эске салсак, "Мегакомдун" менчикке сатылары 2015-жылы чечилген. Андан бери компанияга инвестор табылбай, аукцион аркылуу сатуу үч аракетте да ишке ашкан жок. Аукциондон аукционго жылган сайын "Мегакомдун" баасы арзандаган. Алгач баштапкы баа 19 миллиард 700 миллион сом болсо, экинчи аракетте 14 миллиард 255 миллионго түшкөн. Үчүнчү жолкусунда 13 миллиард 500 миллион сом деп коюлган. Аукцион аркылуу сатуудан майнап чыкпагандыктан өкмөт "Мегакомдун" 100 пайыз акцияларын түз сатуу чечимин кабыл алган. Учурда “Мегакомду” сатып алууга 4 чет өлкөлүк компания кызыкдар болуп жатканы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.04.2018. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окмот олгону калыптыр. Эптеп эле уурдамай-карактамай, жемей!!! ТЭЦтеги коррупциянын бетин ача албай жатып, чыныгы коррупционерлерди кармап, "кустурууга" Жээнбековдун "духу" жетпей жатканда Мегакомду сатууга балээ барбы?!!

Учурдагы 3 уюлдук компания "саан малдай" кирешелуу ишкана болсо, ар куну жарандар миллиондогон сомго баланс толуктап турса, мындай компанияны Окмот эмнеге сатмакчы?!! Башка олко болгондо сатпай озу иштетмек...

Мындак акмак бийликти ж
fantomas түзөттү 2018-04-05 14:28:19
05.04.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сатпагыла! тушкон каражатты карыздарды жапкыла.




Модератор admin_media түзөттү 2018-04-05 15:10:50
05.04.2018. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АША кеттиго эми сатпай эле койгула деп Урматуу призидент Сооронбай Жээнбековго кайрылат элем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: