super.kg logo

Кариб аралдарында жаш миллионердин сөөгүн алтын табытка салып жерге беришти

 

Кариб аралдарында жаш миллионердин сөөгүн алтын табытка салып жерге беришти. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаш миллионерди акыркы сапарга узатуу зыйнатында жакындары жана достору анын эң бай жана сыйлуу адам экенин көрсөтүү үчүн болгон аракетин кылышкан.

Белгилүү болгондой, 33 жаштагы мультимиллионер Шерон Сукедо Кариб аралдарындагы Тринидад жана Тобаго өлкөсүндө эң белгилүү адамдардын бири болгон. Ал көзү тирүү кезинде кыймылсыз мүлк жана унаа сатуу менен алектенген. Сукедону белгисиз адамдар атып кетишкен. Ал жашоодо кымбат баалуу асыл таштарды, кымбат унааларды жактырчу жана өзүнүн бул тандоосун дайыма көпчүлүккө айтып келген.

Жергиликтүүлөр аны "Дүйнө падышасы" деп атап коюшкан. Эл арасында "байлыгыңды тиги дүйнөгө алып кете албайсың" деп айтылганы менен, Шерондун жакындары аны жерге байлыгынын канча бир бөлүгү менен кошо көмүшкөн.

Миллионерди ага жаккан кийими, баасы 100 миң доллардан ашык турган кол сааты жана алтын чынжырчалары менен көмүшкөн. Ал эми маркум жаткан табыт алтындан жасалып, баасы 50 миң долларды түзгөн. Көрүстөнгө чейин Сукедонун сөөгүн баасы 150 миң доллар болгон Bentley автоунаасы менен жеткиришкен.

Азыркы тапта полиция кызматкерлери Сукедого ким ок чыгарганын иликтеп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(14)
09.04.2018. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+39
Бекер кылыптыр, алтынын алабыз деп кабырын тытып кетишет эртели кечпи, керек болсо жердин алдынан оюп барышы мумкун
kechirmeni түзөттү 2018-04-09 15:47:36
09.04.2018. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-19
Пай Пай Пай, бул бекер эле комулгон алтындар менен мен туболук жашамакмын.
09.04.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Paprikafm,ошо алтындары мн ал туболук-жашабаган сен кантип?!
09.04.2018. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Адамдан ар нерсени кутсо болот, жаткан жери жайлуу болсун!!!
09.04.2018. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ошол алтындарды тируу кезинде кедей кембагалдарга таратып бергенде олбой калат беле...
09.04.2018. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Не кереги бар эле? Жонокой адам катары комулсо соогу корундо тынч жатпайт беле? Эми алтынына кызыгып, тытып жешет го
09.04.2018. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Алтынды коруп пайгамбарлар да жолун бузуптур.
10.04.2018. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
filis,_(((кантип бузушкан экен жолдорун! Тообо де! Жалаа жаптын!
09.04.2018. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми чет элдиктердин ой жүгүртүүсу бизге салыштырмалуу башкача болот да алардын ою боюнча кандай кийим мн комсо аркы дүйнөдө ошол кийим мн жүрөт деген түшүнүк бар. Жаткан жери жайлуу болсун
09.04.2018. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аттин Бекер кылыптыр?ошол алтындары озуно эле балекет чыкырат Жана тозоко суйройт?андан коро тынч эле озун комуп коюшбаптыр?балким тынч жатмак?бул нерселерден Кудай ОЗУ сактасын?байлыка учбайлы,андан коро ыйманыбыз саламат болуусун тилейли?жанада Кудайым бизге каза болгонубуздан кийин Фирдаус бейишин насиб кылсынАамин.
09.04.2018. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уже туну жок болот алтындары
10.04.2018. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бироолордун кыжырын аябай кайнатып койгондой сезилип жатат,ошол учун атып кетти да.
10.04.2018. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Элдин алды да ,арты да болбой,ортодо эле озунду бактылуу сезип жашаганга эмне жетсин.
10.04.2018. 08:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде деле мультимиллионер бар, ал жон гана мультимиллионер эмес, долларовой
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: