Бишкекте жаңы троллейбустук каттамдар ачылат
Бишкек шаарында жаңы троллейбустук каттамдар ачылат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, борбор калаада №2, №3-троллейбустук каттамдар кошулат. №2-каттамда 11 троллейбус линияга чыгып, "Аламүдүн" базарынан эткомбинатка чейин каттайт. Ал эми №3-каттамда 15 троллейбус линияга чыгып, Жал кичи районунан жер бөлүштүрүү институтуна чейин жүрөт.
Борбор калаанын айрым көчөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан оңдоп түзөө иштерине байланыштуу №5, №9, №14-троллейбустук каттамдар убактылуу токтотулган. Ал эми №7, №8-троллейбустардын маршруттук каттамы өзгөртүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
2
2
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















