ЖЫЛНААМА, 12-АПРЕЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров 54 жашка толду
Жогорку Кеңештин депутаты Абдумажит Юсуров 1964-жылдын 12-апрелинде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айылында төрөлгөн. Ал 1985-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин география адистиги боюнча аяктаган.
Эмгек жолун 1986-жылы Пржевальск институтунун Ботаника жана химия кафедрасында окутуучу болуп иштөө менен баштаган.
1987-1992-жылдары Ысык-Көл ОБЛКСМда инструктор;
1992-2005-жылдары "Айым Галф" ЖЧКсынын коммерциялык директору;
2005-2007-жылдары "Трэвел Альянс групп" ЖЧКсынын директору;
2007-2010-жылдары – Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты;
2015-жылы "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
12-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-11-23
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















