super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Депутат Тогуз-Тородогу окуя боюнча: "Акимди кызматтан алуу менен маселе чечилбейт"

 

"Акимди кызматтан алуу менен маселе чечилбейт" деди бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров.

Депутат кечээ, 11-апрелде Тогуз-Торо районунда болгон окуяны эскертти.

"Бул маселе буга чейин эле мамлекеттик деңгээлде чечилиши керек эле. Биздин мамлекеттин жүзү үчүн чоң кара так болуп калды. Мамлекеттин жүзүнө эле шек келбестен, келечекте келе турган инвесторлорго чоң ой туудуруп койду. Бул маселе өткөн жылы көтөрүлгөн. Ошондо "Кыргызалтындын" жетекчиси "мен бул мекемеге тиешем жок, билбейт экенмин" деп жооп берген. Мен таң калам “Кыргызалтындын” аймагында курулуп жатса, кантип ал билбей калат? Кечээ күнү тийиштүү органдардын билдирүүлөрү чыкты. "Мыйзамсыз курулуп жаткан, уруксат берилген эмес" деп жатышат. Анда эмне үчүн убагында токтотулуп, коомдук талкуу болгон жок? Эл менен сүйлөшүү иши жүргөн эмес. Эки айдан бери жетекчилердин бири дагы ал жерге барган жок. Укук коргоо органдары алдын алуу иштерин жүргүзүшү керек болчу", - деди Назаров.

Депутат бул маселе акимди кызматтан алуу менен гана чечилип калбай турганын айтты.

Белгилей кетсек, кечээ аталган райондун Казарман айылында миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылып, курулуп жаткан имаратты өрттөп жиберишкен. Митингдин жүрүшүндө ыргытылган таштан жаракат алып, 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун ооруканага кайрылган. Мындан улам өкмөт башчынын буйругу менен Тогуз-Торо районунун акими кызматтан алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: