super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Сооронбай Жээнбековдун сапары аягына чыгып, Кыргыз өлкөсүнө кайтты (фото)

 
Сооронбай Жээнбеков Европа кеңешинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини менен жолугушту
Мамлекет башчы ханзада Карим Ага-Хан менен жолугушту
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орусия жана Борбор Азия боюнча директору Наталья Ханженкова
Жээнбеков Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни менен жолугушту
Жээнбеков Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен
Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкердин жолугушуусу ачык жана өз ара ишенгендик нукта өттү

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы эки күндүк расмий сапары аяктагандан кийин 11-апрелде Бельгиянын борбору Брюссель шаарына барган. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчы иш сапар алкагында Европа кеңешинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Федерика Могерини, ханзаада Карим Ага-Хан, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Орусия жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолуккан.

Андан соң Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Дональд Туск Европа кеңешинин бардык мамлекеттеринин атынан демократиялык стандарттарды камсыз кылуу тармагында Кыргыз мамлекетинин ишин жогору баалайт деп айта ала турганын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков менен Еврокомиссиянын төрагасы Жан-Клод Юнкердин жолугушуусу ачык жана өз ара ишенгендик нукта өттү. Мамлекет башчы демократия принциптерин бекемдөө, адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо боюнча Кыргыз мамлекетин колдогон Европа кеңешинин ачык позициясы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 22 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: