super.kg logo

Интернетте мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу талкууга түштү

 

Социалдык тармактарга мугалимдин окуучуну башка чапкан видеосу жайылып, учурда коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.

Колдонуучулар бул окуя борбор калаадагы №20-мектеп-гимназияда болгонун жазышууда. Ал эми видеону жүктөгөндөр мугалим математика сабагынан окутканын, бул көрүнүш буга чейин да кайталанып келгенин билдиришкен.

"Мен №20-мектеп-гимназиянын окуучусумун. Бул видеодо мугалим окуучуну жемелеп уруп жатканын көрүүгө болот жана бул мугалим буга чейин да ушундай кылып келген. Бул көрүнүш ар бир сабакта кайталанат, болгон үнү менен кыйкырып, окуучуларга кол көтөрүп коркутат. Гимназиянын директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары мугалимдин бул жоругун орунсуз деп санабайт. Анткени тажрыйбалуу башка мугалимди табуу кыйын болсо керек", - деген билдирүүнү өзүн аталган билим берүү мекемесинин окуучусумун деп тааныштырган колдонуучу калтырган.

Социалдык тармактагы билдирүүлөрдөн:

- "Окубаса туура кылат";

- "Бул видео абалдын бир эле бөлүгү, тагыраак айтканда, ошол урган жери эле кесип алынган. Ушул учурду баштан аяк билип көрүү керек, балким, окуучуда да күнөө бар";

- "Мугалим болуу үчүн "темирдей нерв" керек. Эмгеги зор. Бирок урбаш керек болчу";

- "Эч нерсе болбойт, бизди деле толтура жолу урушкан".






Мугалим окуучуну урушуп, уруп жатат

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(43)
18.04.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Бизди Үмөтаалы агай уруп кетсе Көчөрбай агай келип тээп кетчү аркасынан Токон агай келип үтүктөп кетчү.
Kojo1995 түзөттү 2018-04-18 11:00:56
18.04.2018. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Kojo1995, Туура айтасын , биздагы убагында кыздарга каттуурак тийишип койсок , доскага жабыштыра урчу эле агайыбыз . Бирок эч ким эч нерсе деп даттанчуу эмес , анткени ал Тарбия да. Баланы мектепке билим берсин , тарбияласын деп берет . Байыркы грецияда , баласын мектепке берерде , соогу меники , денеси сеники деп берчуу , ал дегени сабап окуутасынбы , озунордун ишинер дегени . Азыр интернет деген жаман нерсе чыкты , каттуу урушуп койсон эле жаман атка каласын .
18.04.2018. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ma2as,ал кезде окуучу балдарда мугалимдерда эркек болчу.
18.04.2018. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Kojo1995, ооба туура 11классты бүтөөрдө чоңоюп калган балдарбыз агай чапканда эки колунан кармап алганда байкуш агай алы келбей айласы кетип тепкенин азыр айтып күлөбүз
18.04.2018. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми бул баланын апасы аңкылдап чыкпаса эле болду. Кечээки карандаш уурдаган кыздын апасындай болуп
18.04.2018. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Adiletia,Ошентишет . Ага медия каналдар , соц сеттер жардам берет , ото кучотуп . КВН деги балдар туурагандай . Супер кг - эжекеси окуучусун башына чапты , эми ата энеси эмне дей алат экен - ушндай сыяктуу макала кылып жазышып .
18.04.2018. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
эс нерсе болбойт бизди деле ушунтип окуткан антпесе такыр еле тоготпой калбайбы...
19.04.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiba.8327, Тура, кээ бирооно соз менен жеткириш кыйын. Чокуга бир койсон сразу тушунот.
ooki8888 түзөттү 2018-04-19 09:44:21
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: