ЖЫЛНААМА, 22-АПРЕЛЬ: Мындан 148 жыл мурун саясий ишмер Владимир Ильич Ленин туулган
1870-жылы 22-апрелде Орусиянын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, Советтер Союзунун жана коммунисттик партиянын негиздөөчүсү Владимир Ильич Ленин (Ульянов) Симбирск шаарында туулган.
Ал 1895-жылы Петербургда "Жумушчулар классынын боштондугу үчүн күрөш биримдигин" түзүүгө катышкан. 1897-жылы кармалып, Енисей губерниясындагы Шушенск айылына 3 жылга сүргүнгө айдалган.
Ал эми 1900-жылы Ленин чет өлкөгө кетип, Г.В.Плеханов менен бирдикте "Искра" гезитин чыгарган. Владимир Ильич Ленин 1903-жылы большевиктер партиясын жетектеп, 1917-жылы Октябрь революциясынын башында туруп орус падышачылыгын тактан кулатып, бийликке келген.
Ленин бир партиялуу систем түзүп, коммунисттик партиянын жетекчилигинде Советтик Социалисттик Республикалар Союзун түптөгөн. 1918-жылы анын өмүрүнө кол салуу болуп, оор жаракат алган. Ал эми 1924-жылы январда ден соолугу кескин начарлап, 21-январь күнү каза болгон.
22-апрелге карата жылнаама.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:08
2025-11-23
16:50
2025-11-23
16:19
2025-11-23
12:30
2025-11-23
11:10
2025-11-23
Рейтинг:
2
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















(Токтогул Сатылганов)